Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАЛАРЫНАН ЧЫККАН МАСЕЛЕ ЭЛ АРАЛЫК ТАЛКУУГА КОЮЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин эксперттери 8-августта Ирандын Исфахан шаарындагы өзөктүк ишканага келди. Алмания, Улуу Британия жана Франциянын өкүлдөрү менен көпкө уланган сүйлөшүүдөн кийин өткөн ноябрда Иран өзүнүн өзөктүк программаларын токтоткон, бирок Исфахан шаарындагы уран байытуучу ишкана 8-августта кайрадан аракетке киргизилди. Агенттиктин текшерүүчүлөрү болсо ишканага бир нече видеокамера жана башка көзөмөлдөөчү аспаптарды орнотууга киришти.

Мындан бир апта мурда, 31-июлда Иран Батыш мамлекеттерине эскертүү жасап, 1-август күндүн аягына чейин европалык мамлекеттер жаңы сунуш киргизбесе, Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү кайрадан жанданат деп билдирген. Мурдагы келишимдер боюнча, андай сунуштар 1-августка чейин жасалууга тийиш болчу. Кечигүү менен жасалган сунушту бирок Тегеран 6-августта баары бир четке какты.

Сунуш боюнча үч европалык мамлекет Иранга жеңил суу менен иштеген өзөктүк реактор курууга жардамдашмак, бирок андан чыккан өзөктүк калдыктардын баарын Тегеран кайрадан европалык мамлекеттерге кайтарып берүүгө тийиш болчу. Ирандын тышкы иштер министрлиги билдиргенге караганда, Тегеран андай сунушка макул боло албайт, бирок Европа Биримдиги менен өтүп жаткан сүйлөшүүдөн да баш тартпайт.

- Сүйлөшүүнү улантууга биз даярбыз, анткени ошондой жолугушуулар учурунда гана эки тараптын туруму айкын болот. Бирок жаңы сунушту биз кабыл ала албайбыз жана ал тууралуу Европа Биримдигине расми жооп жиберебиз, - деди тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Азефи 7-августта.

Түзүлгөн абал боюнча Эл аралык агенттиктин башкармалыгы 9-августта Вена шаарында атайын жыйын өткөрүүгө даярданууда. Анда Иранга жаңы эскертүү жасалышы мүмкүн, бирок агенттиктин өкүлү Мелисса Флеминг 8-августта билдиргенге караганда, Исфахандагы өзөктүк ишканадагы көзөмөлдөө иштерин жөнгө салуу жараяны дагы үч-төрт күнгө уланышы мүмкүн.

Америка Кошмо Штаттары көптөн бери Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде талкуулаш керек деп келет. Ирандын тышкы иштер министрлиги болсо 7-августта атайын билдирүү жасап, маселени талкуулоонун андай деңгээлге чыгышы мыйзамсыз болот, бирок баары бир Иран андан коркпойт деп билдирди.

Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү мурда Хасан Роухани жүргүзүп келген, бирок акыркы маалыматтарга караганда, анын ордуна эми Али Ларижани деген адам дайындалды. Ал болсо аятолла Али Хаменеиге жакындыгы менен белгилүү. Шайлоо өнөктүгү учурунда азыркы президент Махмуд Ахмадинежад Роуханини сынга алып, өзөктүк маселе боюнча өтүп жаткан сүйлөшүүдө Иран Батыш өлкөлөрүнөн коркконсуп аракеттенүүдө деп билдирген.

XS
SM
MD
LG