Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

Беларус Евопарламенттин делегациясын өлкөгө киргизбей койду


Ал делегацияда польшалык төрт депутат жана Польшадагы Белосток деген шаардын мэри бар болчу. Ал депутаттардын бири Богдан Алан Клич буга зээни кейигенин айтат.

- Мен алардын чечимин түшүнгөн жокмун. Менимче, бул мыйзамсыз аракет. Беларус президенти Александр Лукашенконун администрациясы эларалык мыйзамдардын негизги баалуулуктарын тебелеп жатат деп ойлойм, андыктан бул окуядан эларалык коомчулук да өзүнүн жеке тыянагын чыгарышы керек.

Европарламенттин өкүлдөрү Беларус бийликтери менен жолугушуп, соңку кездери Варшава менен Минск ортосунда солгундай түшкөн мамилелер тууралуу пикир алмашууну максат кылышкан эле. Беларус бийликтери “Поляктардын кеңеши” деген уюмду Беларуста мыйзамсыз митингдерди өткөрүп жатат деп айыпташкан.

XS
SM
MD
LG