Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Өзөктүк кубат агенттиги Вена шаарында Иран маселесин талкуулай баштады


Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин 35 мүчөдөн турган Кеңеши бүгүн Вена шаарында Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселени талкуулоого киришти. Өткөн жылдын ноябрында токтотулган өзөктүк ишкана кече күнү кайрадан аракетке киргизилди жана эл аралык инспекторлордун көзөмөлү алдында ирандыктар Исфахан шаарындагы ишканага салынган мөөрлөрдү алып салды. Бирок Агенттиктин өкүлү Питер Риквуддун айтымында, толук көзөмөл азырынча орнотула элек:

- Агенттиктин адистери видеокамераларды орноткондон кийин уран кенин байыткан ишкана кайрадан иштей баштады, бирок биз камераларды толук текшерип бүтө алган жокпуз, анткени ага 24 сааттай убакыт керек.

Ирандын Атомдук кубат агенттигинин башчысынын орун басары Мохамад Саидинин айтымында, инспекторлор өз ишин бүтөөрү менен, ишкана толук көлөмдө иштей баштайт.

XS
SM
MD
LG