Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

ИРАН АТОМДУК ПРОГРАММАСЫН УЛАНТУУДА


Атомдук энерегия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши бүгүн шашылыш жыйынга чогулду. Жыйын Иран бийликтери Исфахандагы ишканада ядролук программасына байланыштуу иштерди кайра жандандырганга байланыштуу өткөрүлдү. Жыйынды чакырууну EU-3 деп аталган Франция, Британия жана Германия өткөн жумада эле талап кылган. Жыйында Исфахандагы атомдук ишканага көзөмөлдөөчү камералар коюлгандыктан, анын жабдууларына басылган сургуч мөөрлөр эртең түшкө чейин алынып салынсын деп чечилген. Бул жөнүндө Ирандын атомдук энергия уюмунун орун басар башчысы Мохаммад Саиди билдирди.

Былтыр ноябрда Иран EU-3 менен өлкөнүн өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү өткөрүү жөнүндө келишим түзгөндөн бери Исфахандагы ишканада уранды байытуу жараяны токтотулган эле. Бирок 8-августта Иран өзөктүк программасына байланыштуу айрым жараяндарды кайра баштады. Бул Ядролук куралдарды жайылтпоо келишимине ылайык, Иран өзүнө алган милдеттенмелерге каршы келбейт. Бирок Евробиримдиктин жетекчилиги ырасмий Тегеранды ноябрь келишимин бузууда деп санайт. Германия Тегеранды тезинен сүйлөшүүнү улантууга чакырып, Иран өзөктүк куралга ээ болсо, анын аягы жаман иштерге алып бараарын эскертти.

Ирандын атомдук энергия уюмунун орун басар башчысы Мохаммед Саиди дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүндө, МАГАТЭ Коопсуздук Кеңешине кайрылат деп Тегерандын тынчы кетип жатпаганын билдирди:

- Мындай резолюцияны МАГАТЭнин кабыл алуусуна негиз жок. Биз Ядролук куралдарды жайылтпоо келишимин бузбаган жана кошумча протоколго ылайык келген резоюлюцияга гана макул болобуз. Иран эч кандай бейчаки иш кылбаганына ишенет. Германия, Япония, Аргентина жана Бразилия сыяктуу өзөктүк технологияны пайдалануу биздин укугубуз.

Саиди атурсун МАГАТЭнин инспекторлору баскан сургуч мөөрлөр талкалана турганын кулак какты кылды:


- Исфахандагы ишкананын башка жабдууларынын мөөрү эртең сындырылат. Ошентип, биз уранды байытууну баштадык жана бул сыяктуу иштерди шартына ылайык акырындап уланта беребиз. Биз бул ырааттуу ишти улантып, көздөгөн максатыбызга өз планыбызга жараша жетишибиз абзел.

Германия, Франция жана Британия үчөө Иран ядролук программадан баш тартууну, анын ордуна саясый-экономикалык колдоо сунуш кылган болчу.Иран буга макул болгон жок.

Вашингтон Тегерандын бу сунушту четке кагуусун катуу сынга алды. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Адам Эрелинин маалымдашынча:

– Иран EU-3түн сунушун четке кагып бул кадамга барып, EU-3түн жакшы сунушун жактырбай жатат. Чара көрүү үчүн биз чогуу иштешибиз шарт.

Тегеран университетинин профессору Садык Зибакалам Ирандын ядролук программасын улантуусун жаңы президент Махмуд Ахмединежад башындагы консервативдик күчтөрдүн тышкы саясатты контролдоп жатканын даңазалоо аракети деп мүнөздөдү:

- Жаңы өкмөт алгачкы күндөрү тышкы саясатты өтө олуттуу саясый кризиске кабылтууну каалабайт. Бийликтеги консерваторлор тобу андай иштерди каалабайт. Бирок ошол эле учурда, алар азыр бийликте экенин Ирандын ичиндеги өзүнө айрым радикал кыймылдарды камтыган аудиторияга жана Батышка айткысы келет. Анткен менен, сүйлөшүүлөр үчүн эшик ачык жана Иран кризисти каалабайт.

Профессор Зибакаламдын сөзүнчө, ядролук сүйлөшүүлөрдүн жаңы жетекчиси болуп дайындалган Ари Ларижани Евробиримдик менен сүйлөшүүгө ачык каршы. Ошентсе да ал акыр аягында өлкөнүн ядролук ишмердүүлүгү боюнча эки жакты канаатандырган бир бүтүмгө барууга мажбур болот.

XS
SM
MD
LG