Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

КЫРГЫЗСТАНДА ЖОГОРКУ КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН МАЯНАСЫ КАНЧА?


Өлкөнүн статистикалык кызматынын маалыматы боюнча, 2005-жылдын жарым жылдыгында орточо айлык акынын өлчөмү 2250 сомдун тегерегинде болду. Ал эми минималдык айлык акы 100 сом, эң төмөнкү пенсия өлчөмү 180 сом, мугалимдердин орточо айлыгы 800-900 сом болууда. Өлкөнүн жетекчилери, депутаттарынын маянасы канча болду экен?

Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысынын төмөндүгү коррупциянын себептеринин бири экендиги тууралуу эл аралык эксперттер эскертип келет. Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин айлык акысы өлкөдөгү орточо айлыктан бир нече ирет жогору болгонуна карабай, эл аралык, ал эмес КМШ өлкөлөрү менен салыштырганда да төмөн. Маселен, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарынын айлык акысы 1 миң доллардын тегерегинде, ал эми кыргыз депутаттарынын маянасы 6 миң сом дейт Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозбек Дүйшеев:

- Айлык акы 6 миң сом. Буга премия, эмгек стажы, чини кошулуп отуруп, ар кимдики ар кандай чыгат. Бул сумма мындай алып караганда төмөн. Маселен, Росся депутаттары 1000-1100 доллар болсо, казак депутаттары 700-800 доллар айлык алышат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтымында, депутаттар кошумчалары менен колуна 10-12-миң сом айлык алышат:

- Колуна 10-12-миң сом алышат.

Ал эми төраганыкы катардагы депутаттарга караганда бир аз көбүрөөк.

Каржы министрининин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун билдирүүсүнө караганда, министрлер менен Жогорку Кеңештин депутаттырынын айлык акысы бир деңгээлде:

- Депутаттар менен министрлердин айлыктары бир деңгээлде.

Орозбек Дүйшеевдин маалыматы боюнча, вице-премьер-министрлердин айлык акысы 8 миң сомдун тегерегинде. Албетте, ага ар кандай кошумчалар болуп, сумма 8 миңден ашат.

Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин айлык акысы канча? Акылбек Жапаровдун айтымында, бул жашыруун маалымат эмес. Болгону аны тактоо үчүн убакыт керек.

Ал эми коңшу өлкөлөрдө мамлекет башчыларынын айлык акысы канча? Маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, Россия президенти Владимир Путиндин маянасы 5 миң доллар, Украина президенти Виктор Ющенко 4684 доллар алат. Украин өкмөттүн башкарып бергени үчүн Юлия Тимошенкого болсо 3346 доллар берилет.

Кыргызстандын мурунку премьер-министри Николай Танаев айлык акысы 12 миң сом экенин билдирген. Ал эми мурунку президент Аскар Акаев 2002-жылы толтурган декларациясында бир жылдык айлык акысы 10896 доллар болгону жарыяланган. Бул сумманы ар бир айга бөлүп келгенде 908 доллардан тиет.

Андан бери жогорку жетекчилердин айлык акысын көтөрүү тууралуу чечим кабыл алынгандыгы кабарлана элек. Ошондуктан Кыргызстандын азыркы жогорку жетекчилигинин айлык акысы Акаев менен Танаевдин маянасынын тегерегинде деп боолголосок болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG