Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Түштүк Корея менен Кытай Түндүк Кореянын ядролук программасын ооздуктоо жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт


Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Бан Ки Мур Түштүк Кореянын ядролук куралга ээ болуу дымагын ооздуктоо аракеттерине эл аралык коомчулукту тартуу максаты менен бир катар өлкөлөргө барат. Бейшемби күнү министр Бээжинге барып, Кытайдын тышкы иштер министри Ли Дзяоксиң менен сүйлөшөт, андан соң ал АКШга жол тартат. Ошол эле убакта дагы бир Түштүк Кореялык дипломат Россия менен Японияга визит жасайт. Түндүк Кореянын ядролук программасын токтотуу максаты менен жүргүзүлүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүлөр Кытайда өткөрүлүүдө. АКШ, Япония, Кытай, Россия жана эки Корей өлкөсү катышып жаткан сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы натыйжасыз аяктаган. Келерки айлампа 29-августка белгиленген.

XS
SM
MD
LG