Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:13

Президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү Ош облусунун жетекчисин сынга алды


ОШ. Президенттин түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алмамбет Матубраимов, Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков Карасуу районуна караштуу Шарп жана Акташ айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамдын 44-беренесин одоно түрдө бузуу жолу менен дайындагандыгын билдирди. Мындан сыркары Матубраимов аталган айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларынын Артыковдун дайындоолору боюнча нааразылыгы чегине жеткендигин айтуу менен облус прокурорунун каршылыгына карабастан күчүндө калтырылган жогорудагы дайындоолор боюнча буйрукту кайра чакырып алуусун эскертти. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү аталган сунуш эске алынбай турган болсо, маселени сот органдары аркылуу чечүүгө аргасыз болуша тургандыктарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG