Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Ант берүү аземине даярдык күч


БИШКЕК. Жаңыдан шайланган президенттин ант берүү аземи 14-августта Бишкектин «Алатоо» аянтында өтөт. Ага 10 миңден ашуун адамдын катышаары күтүлүүдө. Ал эми ар бир облустан 54 киши келмекчи. Ант берүү аземи учурунда Курманбек Бакиев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушат жана эки лидер Казакстандын Бишкектеги жаңы элчилигинин ачылуу аземине катышат. Бул тууралуу аземди өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы Адахан Мадумаров 11-августа маалымат жыйынында билдирди. Аземди өткөрүүгө кеткен чыгымдарга токтолгон Мадумаров, өкмөт үйүнүн алдындагы фонтанды оңдоого 12 млн сом, Аларча резиденциасына 2 миллион сом, Акүйдүн чоң залына 3 миллион сом жумшалганын белгиледи. 14-августта кечинде кыргыз, орус, казак эстрада чеберлеринин концерти болмокчу. Алар үчүн 4 миллион сом өзүнчө бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG