Лондондун Хитроу аэропортунун жумушчулары ырасмий эмес иш таштоосун эки күндөн бери улантууда. Анын кесепетинен 70 миңдей жүргүнчү уча албай отурушат. Британ аба жолдор компаниясы бүгүн кечке чейин авиарейстерди токтотту. Жүк ташуучулар, автобус айдоочулар жана башка жумушчулар учактарды тамак-аш менен камсыздаган фирманын жумушчуларды кыскартуусуна нааразы.