Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

ШРИ-ЛАНКАДА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Венера Сагындык кызы, Прага шаары Шри-Ланканын президенти Чандрика Кумаратунга өткөн түнү өлкөнүн тышкы иштер министри куралдуу кол салуудан каза тапканына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Министр Лакшман Кадиргамар кечинде башкалаа Коломбодогу үйүнө кирип бараткан жеринен көзгө атар мергендин огунан жараат алып, көп өтпөй ооруканада жан берген.

Бул окуя – Индиядан бөлүнүп алган аралдагы мамлекетте 64 миң адамдын өмүрүн алган атуулдук согуштан кийин бейпилдикти турукташтыруу аракети жүрүп жаткан мезгилге туш келди. Шри-Ланканын борбору Коломбодо көчөдө бараткан доктор Перера аттуу адам тышкы иштер министринин өлүмү ачык асмандагы чагылгандай эле болгонун айтат.

- Мен үчүн бул башка чапкандай эле окуя болду, түшүмө да кирмек эмес. Кимдир бирөөгө анын өлүмү керек болгону шексиз, бирок ушундай болот деп ойлогон эмес элем.

Шри-Ланканын аскердик жетекчилери тышкы иштер министринин өлүмүнө «Тамилдик жолборстор» кыймылын күнөөлөп чыгышты. Маркум Кадиргамар өзү да тамилдик болгону менен, жикчил (сепаратисттик) «Жолборстор» кыймылын бир катар өлкөлөрдө мыйзамсыз деп жарыялоого жетишкен, андай өлкөлөр арасында АКШ, Британия бар.

Шри-Ланкадагы азчылыкты түзгөн тамилдер 1983-жылдан бери өлкөдө басымдуу көпчүлүктү түзгөн сингалдыктар үстөмдүк кылууда деп өз алдынчалык үчүн күрөшүп келатышат. 2002-жылы эки каршылаш тарап элдешүү жөнүндөгү келишимге кол койгону менен, андан бери бир катар козголоңчулар, аскер жетекчилери киши колдуу болуп курман болушту.

Коломбонун дагы бир катардагы жашоочусу Малании Сеневиратна министрлин өлүмү атуулдук согушту кайрадан тутантып ийиши мүмкүн деп чочулайт.

- Кадиргамар жакшы киши эле. Биздин мамлекет бир абдан маанилүү нерсени жоготкондой эле болду. Министр ар дайым тынчтык учун күрөшүп келаткан эле, бизге бейпилдик керек.

Коломболук саясат таануучу Рохан Эдрисинхе бул окуя – тамилдиктердин тынчтык келишимин кармана турганынан күмөн жаратты деген пикирде.

- Сингалдыктар менен мусулмандар арасында эми «Тамилди бошотуучу жолборстор» уюмуна ишенбөөчүлүк пайда болду. Кадиргамардын өлүмү – тамилдиктер эч убакта өзгөрбөйт, алар менен сүйлөшүп да кереги жок деген консерваторлордун көз карашын бекемдейт.

«Тамилдик жолборстор» Кадиргамарды өз элинин кызыкчылыктарын жектеген чыккынчы деп жарыялашкан.

Жалпы Шри-Ланкадагы тынчтык үчүн жан үрөп келген тышкы иштер министринин киши колдуу өлүмүн Бириккен Улуттар уюму, Кошмо Штаттар жана башка бир катар өлкөлөр айыпташты.

XS
SM
MD
LG