Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Таластык дыйкандар Таразда эркин соода кыла алабы?


ТАЛАС. Талас облусунун губернаторунун орунбасары Байымбет Мураталиев, Жамбул облусунун акиминин биринчи орунбасары Александр Савченко жетектеген эки облустун делегациясы Тараз шаарында өз ара кызматташуу келишимине кол коюшту. Ал келишимге ылайык жумасына бир жолу кыргыз дыйкандары өздөрүнүн айыл-чарба азык-түлүктөрүн эч кандай тоскоолдуктарсыз, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн коштоосунда Тарас шаарынын базарларына алып барып сата алышат. Мындай келишим казак тарап менен ар жылы түзүлүп кол коюлганы менен кыргыз дыйкандары чегарадан өткөндө алып бараткан азык-түлүктөрүнүн болжол менен жарым баасына барабар пара берип араң өтүшө тургандарын айтышат. Ал турмак Бишкекке жүргүнчү катары кетип бараткан адамдардын ар кандай кыйноолорго туш болгондугу, пара берүүгө мажбур болушкандыгы көнүмүш адатка айланган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG