Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:49

Ырасмий Москва Польшадагы саясый кырдаалга мүнөздөмө берди


Польшада 9-октябрда болчу президенттик шайлоо алдында антироссиячыл маанай күчөдү. Мындай билдирүү Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Валерий Лошинин кечээ Польшанын Москвадагы элчиси Стефан Меллер менен кездешкенден кийин жасалды. Саясый атмосфера Москвада польшалык, ал эми Варшавада россиялык жаранды сабоого шыкак болдe деп белгиленет билдирүүдө.

31-июлда Варшаванын гүлбагында россиялык дипломаттардын үч өсүпүрүм баласын жана алардын казак досу сабалган. Өтүп бараткан аптада Москвада польшалык дипломат менен кабарчы жана Польша элчиканасынын кызматчысын белгисиз бирөөлөр уруп кеткен.

XS
SM
MD
LG