Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Азербайжандын баш прокурору экс-президент Муталибов менен экс-спикер Кулиев өлкөгө келээри менен камала турганын билдирди


БАКЫ. Азербайжандын баш прокурору эгерде мурдагы президент Аяз Муталибов менен мурдагы спикер Расул Кулиев өлкөгө кайтып келе турган болсо, токтоосуз камакка алынышаарын билдирди. Бүгүн журналисттерге берген маалыматында прокурор Закир Кулиев алдыда аталган адамдардын 6-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого талапкер катары катталуусуна бөгөт койулбайт, бирок мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракететнген, деген айып менен изделип жаткан бул жарандар келеери менен эле камала турганын билдирди. 1991-92- жылдарда президент болгон Муталибов кызаматтан кеткенден бери Россияда жашайт. Ал эми Азербайжандын Демократиялык Партиясынын башчысы Кулиев 1996-жыдан бери бозгунчулукта жашоодо. Еврокеңеш Азербайжандан аталган эки кишиге тең алдыдагы шайлоого катышууга мүмкүндүк берүүсүн талап кылууда.


Кабарлар топтомун даярдаган Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG