Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:29

«Эркиндик» партиясы парламентти таратуу боюнча кол топтоону баштайт


БИШКЕК. «Эркиндик» партиясы азыркы Жогорку Кеңешти таратуу боюнча кол топтоо ишин баштайт. Мындай чечим 15-августта Бишкекте партиянын облустук, райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында кабыл алынды. Партиянын саясий кеңешинин чечими менен парламентти таратуу боюнча жалпы республикалык демилге тобу түзүлүп, анын жетекчилигине партиянын лидери Топчубек Тургуналиев шайланды. Ал эми кол топтоо боюнча штабын партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Адыл Касымов жетектей турган болду. Мындай штабдар бардык облустарда түзүлөт.

XS
SM
MD
LG