Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

СОТ БИР БОЗГУНДУН ТАГДЫРЫН ЧЕЧТИ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаменти өзбекстандык төрт бозгунга качкын макамын берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу Кыргызстанда калган 15 өзбекстандык атуулдун кызыкчылыгын коргогон “Адилет” бейөкмөт уюму сотко кайрылган эле. 18- августта үч күндүк сот жараянынан кийин Бишкектеги район аралык соту Ош тергөө абагындагы бир адамдын иши боюнча арызды канааттандырды.

Ош тергөө абагындагы 15 бозгундун 11ине БУУнун Качкындар комиссариаты качкын макамын берген. Бирок миграциялык департамент кылмышкер катары карап, баш тарткандыктан төртөө аны ала албай калышкан. Кыргызстанда абакта кармалып турган бозгундардын кызыкчылыгын коргогон «Адилет» уюму төрт бозгун боюнча миграциялык департаменттин тыянагын жокко чыгарууну суранып, Бишкектеги район аралык сотко кайрылган болчу.

Үч күндүк сот жараянынан кийин 18-августта сот «Адилет» уюмунун арызын канааттандырды. Аталган уюмдун лидери Чолпон Жакыпованын айтымында, миграциялык департамент эл аралык нормаларга ылайык качкын макамын берүүдөгү тиешелүү жол-жоболорду толук аткарган эмес. «Бул сот жараянында миграциялык департамент жетиштүү далилдерди жана материалдарды көрсөтө алган жок», - дейт Чолпон Жакыпова.

Миграциялык департаменттин жетекчиси Зафар Хакимов болсо төрт бозгунга качкын макамы берилбей калышын мындайча түшүндүрдү:

- Төрт адамдан биз баш тарттык. Себеби бул адамдар качкын макамын ала албагыдай кылмыштарды жасаган деп эсептейбиз.

Сот жараянында өзбекстандык бозгунду коргогон адвокат, “Адилет» уюмунун юристи Нурлан Абылдаевдин айтымында, өзбек атуулу «киши өлтүрдү, экстремисттик кыймылга кошулган, мамлекеттик түзүлүштү бузгусу келген» деген оор кылмыштар менен айыпталууда. Сот жараянында далил катары жалгыз сүрөт көрсөтүлгөн.

«Адилеттин» лидери Чолпон Жакыпованын пикиринде, ошол сүрөт тескерисинче күнөөлөнүп жаткан адамды коргогон далил болуп калышы ыктымал:

- Мен бул сүрөттү мындай түшүндүрөм, тескерисинче булар коргоп жатышат. Аксакалдар кан төгүлбөсүн деген, ошондуктан булар тизилип алып тескерисинче албууттанып турган топ элден коргоп турушкан. Бул прокурорду коргоп калыш үчүн эл тизилип турган, бул адамдар ошол казкатар тизилген топ элдин арасында болушкан.

Миграциялык департаменттин юристи Доктурбек уулу Данияр “Азаттыкка” соттун чечими менен макул эместигин билдирди. Анын айтымында, бул адамдардын кылмыш жасагандыгы боюнча далилдер сотко жетиштүү сунуш кылынды:

- Бизге Жалалабат прокуратурасынан тийиштүү материлдар жана маалыматтар келген, аларды сотто көргөздүк, биз бул материалдыр жетиштүү деп эсептейбиз.

Ал ошондой эле миграциялык департамент бул иш боюнча аппеляциялык арыз жазууга камданып жатканын кошумчалады.

Коомчулукта бул маселе боюнча миграциялык департаментти айыптаган пикирлер арбын. Маселен, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов миграциялык департаментке саясий басым болду деген ойдо:

- Албетте, миграциялык департаментке саясий басым болуп атты. Өзбекстандын басымы бир жактан, экинчи жактан ШКУга кирген мамлекеттер карап турду. Анан бул жерде миграциялык департамент саясий чечим кабыл алышы керек болчу.

Экинчи бозгун боюнча соттук териштирүү кийинки аптада башталаары күтүлүүдө. “Адилет” бейөкмөт уюму экинчи тарап аппеляциялык арыз жаза турган болсо, качкындарга байланыштуу узакка созулган соттук териштирүүлөр Кыргызстанга абийир алып келбейт, деген ойдо

XS
SM
MD
LG