Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:40

Адил Тойгонбаевге издөө салынды


БИШКЕК. Адил Тойгонбаевдин үстүнөн алдамчылык кылгандыгына, көлөмдүү суммадагы каражатты өз кызыкчылыгына пайдалангандыгына жана салык төлөмдөрүн төлөбөгөндүгүнө байланыштуу айып тагылып, издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан 19-августта “Азаттыкка” билдиришти. Алардын маалымдаганына караганда, Адил Тойгонбаевдин карамагындагы “Аалам сервис” жана “Мерлисайл ЛЛС” жоопкерчилиги чектелген коомдор алты жыл аралыгында “Манас” аба майданында учактарды күйүүчү май менен камсыз кылып, жалпы суммасы 16 жарым млн. доллар же 678 млн. сомго жакын кирешени мамлекеттен жашырып, жаап койгондугу иликтөөдө анык болгон. Башкы прокуратуранын аракети менен учактарга күйүүчү май куюуучу комплекс мамлекетке кайтарылып берилип, “Аалам сервис” коому эл аралык “Манас” аэропортунун көзөмөлүндө иш алып барууда.

Учурда Башкы прокуратура тарабынан “Канттагы цемент-шифер комбинатынын” мамлекеттик пакет акцияларын мыйзамсыз саткандыгы үчүн Мамлекеттик мүлк корунун жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Ошондой эле “Кыргызтелеком” Акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Мамбеталиевдин үстүнөн козголгон кылмыш ишин иликтөөдө эки жыл аралыгында Турдукулов жана Айдар Акаев ээлик кылган “Бител” компаниясынан 500 миң доллар каражатты кайтарымсыз, мыйзамсыз колдонгондугу аныкталган.

XS
SM
MD
LG