Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

ООГАНСТАН ЧОҢ СЫНООНУН АЛДЫНДА ТУРАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ооганстан азыр 2001-жылдан берки убакыттын ичинде эң татаал мезгилди башынан кечирип жатат. Жергиликтүү жана парламенттик шайлоонун өткөрүлүшү пландаштырылып жаткан өлкөдө чет өлкөлүк жарандарга кол салуу күч алды, талиб топторунун кол салууларынан америкалык жана ооган аскерлеринин өлүмү көбөйдү.

18-сентябрга белгиленген парламенттик шайлоо Ооганстандын акыркы дээрлик 30 жылдык тарыхындагы алгачкы парламенттик шайлоо болуп, мыйзамга негизделген башкаруу институттарынын системасын түзүүгө негиз берет. Ошол эле күнү өлкөдө жергиликтүү бийлик шайланат. Ошентип, шайлоо ийгиликтүү өтсө Ооганстанда бийликтин жергиликтүү баскычынан баштап, президентке чейинки баардык бийлик баскычтары калыптанат.

Лондондо жайгашкан Коопсуздук маселелерин иликтөө боюнча эл аралык институттун серепчиси Кристофер Лангтон парламенттик жана муниципалдык шайлоону бир күндө өткөрүү менен ооган эли жаңы демократиялык Ооганстандын келечегине ишенеер-ишенбесин көрсөтөт, экинчиден өкмөт алга кадам жасоого жөндөмү бар же жок экенин ырастайт.

Бирок акыркы убакта Ооганстанда талибан топторунун кол салуулары күч алды. Бутага диний кызматкелер, шайлоо комиссиянын мүчөлөрү менен чет элдик кызматкерлер алынууда. 21-августта Кандагар провинциясында Абдулла Малаң аттуу заман бап көз караштагы динаятчы, жергиликтүү диний кеңештин төрагасынын орун басарын талиби топторунун адамдары атып өлтүрүп кетишти. Ушуну менен Ооганстанда жаңы өкмөттү колдогон бешинчи молдо киши колдуу болуп олтурат. Талибдер Малаң сыяктуу молдолорду жихатка чыккынчылык кылды, деп айыпташууда.

Бирок ушундай айныксыз фактыларга карабастан, талибилер алдыдагы шайлоону үзгүлтүккө учуратууга ниеттери жок экенин айтып жатышат. 21-августта талибдердин өкүлү Абдул Латиф Хакими «Азаттык жана Эркин Европа» радиосунун ооган редакциясына берген интервьюсунда талибдер шайлоо участкаларына кол салбайт, деп убада берди:

- Биз алдыдагы шайлоону үзгүлтүккө учуратабыз, деп эч качан айткан эмеспиз. Биз үчүн шайлоону үзгүлтүккө учуратуу маанилүү эмес. Кол салууларды талибдер уюштуруп жатат, деген жалаа сөз. Биз шайлоо борборлоруна мурда да тийген эмеспиз, азыр да кол салбайбыз.

Талибдердин мындай билдирүүсүн Ооган юристтери уюмунун башчысы Кабир Ранжбар талибандын келечекте өлкөдө саясий таасирге ээ болуу аракети катары сыпаттады:

- Алар саясий процесске кошулгулары келип жатат, бул билдирүүнүн төркүнү ошондо. Бул алардын саясий процесске катышууга ниети бар экенин көрсөтүү үчүн жасаган алгачкы кадамы, бул багытта алар дагы аракеттенет.

Бирок башка бир аналитиктер тобу талибдер берген убадасына тураарына ишене беришпейт. Айрымдары талибдер суук түшөөрү менен мурдагыдай эле Пакистандын аймагына кирип кетиши ыктымал дешсе, башкалары талиб топтору Ооганстандын өзүндө эле калып, кол салууларын улантышат, дешет.

Талибандар бийликтен кулатылган 2001-жылдан бери тоо арасына жашынып, кийинчереек куралдуу партизандык топ катары аракеттене баштаган. АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин өкүлү Синди Моордун 22-августта билдиришинче, өткөн бир эле жуманын ичинде америкалык жана ооган өкмөттүк аскерлеринин Талибан согушкерлери менен 25 курдай кагылышуусу орун алды. Акыркы бир нече жуманын ичинде талиб топторуна каршы жүргүзүлгөн аскердик операцияларда 100гө жакын талиб согушкери жок кылынды.

XS
SM
MD
LG