Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Ташкен Кыргызстандагы өзбек бозгундары үчүн БУУну айыптоодо


Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Улуттар уюмунун Качкындар боюнча комисссарлыгы кылмышкерлер менен террорчуларды калкалап, Кыргызстандагы өзбек бозгундарын мекенине кайтарууга тоскоол болууда деп билдирди. Улуттар уюмунун аталган агенттигинин басма сөз өкүлү Руперт Колвилл Ташкендин билдирүүсүн четке какты. “Биз кылмышкерлерди, террористтерди коргоп жатат деген айыптоо менен такыр келише албайбыз. Өзбекстанга байланыштуу ар бир ишти өтө дыкаттык менен териштирип жатабыз”, - деди Руперт мырза. Май айында Анжыянда болгон кандуу окуялардан кийин Кыргызстанга жансактай качкан 15 бозгун Ош шаарындагы тергөө абагында кармалган бойдон турат.

XS
SM
MD
LG