Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: «АКИМДЕРДИН ЭЛ МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕСИНЕ ИЧИМ ЧЫККАН ЖОК»


Кыяз Молдокасымов, Бишкек Соңку жылдарда элдин бийликке болгон ишеними жоголуп, элдин нааразычылыгы күчөп, натыйжада эски бийлик куулуп, ордуна жаңы бийликтин келгени коомчулукка маалым. Бирок жаңы бийлик деле азырынча толугу менен элдин ишенимине ээ боло электигин эксперттер эскертип келет. Ал эми Президент Курманбек Бакиевдин 15-августта бийлик өкүлдөрүн элге жакын болуп, алардын жашоо шарттарын жакындан билгиле деген талабын кээ бир акимдер атайын кампанияга айлантып, көбүртүп жабырткан билдирүүлөрүн, рапортторун жибере баштаганы белгилүү боло баштады. Мына ушул маселенин тегерегинде мамлекет башчысы Курманбек Бакиев Кыргыз Улуттук телерадиосу менен «Азаттыкка» кыскача маек куруп берди.

- Курманбек мырза, мына сиз акимдерди, губернаторлорду эл менен жолугушкула деген талаптарды коюп жатасыз. Бирок булардын баардыгы эмнегедир азыр убактылуудай сезилип жатат?

Бул жолугушуулар мындан кийин дайым туруктуу түрдө болуп туруш керек. Бул биздин, менин Кыргызстандын президенти катары саясатым. Мындан кийин өкмөт дагы, президенттин администрациясы дагы ушул багытта болуп жаткан ишти жакшы көзөмөлгө алып туруш керек. Себеп дегенде, максат - жетекчилер райондун деңгээлинде, областын деңгээлинде, бийликтин жетекчилери менен элдин ортосундагы байланышты тыгызыраак жасап, ушул байланышта, жетекчилер эл менен жолуккандан кийин, ошол жакта кайсы маселелер көтөрүлүп жатат, кандай чечилбей жаткан маселелер бар экенинен кабардар болуп турушу зарыл. Мен ошондуктан айткан болчумун, ошол акимдер, райондун борборунда эмес, ошол ар бир айыл өкмөтүнө чыгып, ишемби күнү жолугушууларды өткөрүп, ошол эл менен жолугуп, сүйлөшүш керек.. Андан киийн ошонун негизинде бир жыйынтык чыгарып иштеш керек да. Туура, ошол жолукканда эле баардык маселе чечилип калбайт, өкмөт чече турган маселе бар, мамлекеттин деңгээлинде чече турган маселе бар. Бирок ошону караш керек да. Эл дагы билиш керек да. Бүгүнкү күндө ачык айтып коюш керек, бир топ райондун жетекчилери билбейт, кантип чечиш керек ошол маселени. Кээ бир акимдер бар, акимчиликке 50-60 кишини чакырып алып эле, чогулуш өткөрүп, анан телеграмма-факс берип коюп, биз өткөрдүк, президенттин тапшырмасын аткардык деген. Андай көз боемолук иштин кереги жок. Бул деген туура эмес. Ошондуктан мен ойлойм, мындан жакшы, туура жыйынтык чыгарып, биздин акимдер, губернаторлор, мындан кийин башкача жол менен иштеш керек.

- Курманбек мырза, эски бийлик эл менен мамилеси өтө алыстап кетип, мына ошон үчүн жаңы бийлик келди. Мына бүгүнкү күндө жаңы бийликтин талабы, элге жакын болуп, элдин арасында иштегиле деп, акимдерге өзүңүз ошондой талап коюп жатасыз. Мына ошондой талап койуу бул убактылуу эле кампаниябы же болбосо сиздин такай жүргүзүүчү стратегиялык курсуңузбу?

Мен өзүм көп жылдан бери жетекчи болуп иштеп келе жатам. Айткан сөзүмө турган кишимин. Бир ишти, жумушту баштап коюп, жарым-жартылай таштап жатканды жактырбайм. Бир ишти баштасам, дайыма аягына чыгып жүргөм. Ошондуктан, бул жанакындай эле бир кампания иши болуп калбайт. Бул дайыма туруктуу боло турган нерсе. Эгерде менин ушул тапшырмамды аткарбай турган акимдер, губернаторлор болсо, анда аларды биз бат эле кызматтан кетиребиз. Себеп дегенде, бул акыркы мезгилдерде бизде бийлик өзү менен өзү, эл өзү менен өзү болуп калган. Экөөнүн ортосунда байланыш жок. Ошондуктан, бир топ акимдер, өзүнүн аймагында жашаган элдин оюн билбейт, кандай проблемалары бар экенин. Үстүртөн гана билет. Азыр чынын айтканда, кайсы гана айылды албасаң, ошол айылда кайсы үй-бүлө жашоо турмушунун деңгээли кандай, ким кандай жашап жатат, эмненин эсебинен? Ошол жердеги эл жакшы билет, кимдин курсагы ток, кимдики ач, кимдин балдары мектепке бара албай отурат? Ошолорду акимдер билбейт. Менин билбейт дегенимдин себеби, мына өзүм Кыргызстанда барбаган жерим калган жок. Бирок бир той өткөрүш керек болсо, бир чоңдун туулган күнү болсо, ага жылкы да табылат, арак да табылат, тамак-аш табылат. Баардыгы табылат. Мен ушуну белгилеп кетким келет да, биз башка жака бурулушубуз керек болуп жатат. Той-тамаша менен алек болбой, элге жакын болуп, элдин турмушунун деңгээлин бир топ көтөрүш үчүн эмне жасаш керек?! Ошол проблемаларды билбесе аким жүрө берет. Кээ бир областтарда губернаторлор, астына милийсаны коюп киргизбей койгон областарды да көргөм мен. Мына Баткен областына барганда көргөм. Тиги губернаторго кире албайбыз дейт. Эмне себептен? Милийса турат астында, киргизбейт. Мындай бийликтин кимге кереги бар?! Ошол жерде жашаган эл губернаторго кире албаса, акимге кире албаса, анда кимге кереги бар ал бийликтин башында турган азаматтардын? Өзү үчүн керекпи? Келген киши кириш керек да. Антпесе бийлик менен элдин ортосунда кандай байланыш болот?

- Маегиңизге ырахмат, ишиңизге ийгилик!

XS
SM
MD
LG