Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

ИРАК: КОНСТИТУЦИЯ, АЯЛДАР, ИСЛАМ…


Ирактын бийлик өкүлдөрү өлкөнүн жаңы Конституция долбоору макулдашылып бүтүп калды деп билдиришүүдө. Ал тапта Ирактык коомдук ишмерлер жаңы Башмыйзам шийилердин үстөмдүгүн орнотуп, диндин ролун күчөтүп, аялдардын укуктарын чектеп коюшу ыктымал деген кооптонууларын айтып жатышат.

Ирак коомунун чыгармачыл өкүлдөрү дүйшөмбүдө кечинде Улуттук Ассамблеяга сунуш кылынган жаңы Конституция долбоору исламды өлкөдөгү ырасмий дин катары гана тааныбастан, сотторго мыйзамдардан да Шарыятты жогору тутууга көрсөтмө бергенин сынга алышты. Башкача айтканда, Башмыйзам боюнча Ирактын Жогорку Федералдык сотуна Шарыятты мыкты билген динаятчыларды кошуу, атүгүл алардын арасынан төрага тандоо сунуш кылынган.

Андан сырткары ажырашуу, мураскорлук өңдүү үй-бүлөлүк мамилелерге байланыштуу маселелерди диний соттор чече алат деген жобо, багдаддык интеллигенттердин ишениминде, өлкөнү анык артка тартчу көрүнүш.

Конституциялык комиссиянын алгачкы демилгеси боюнча, аялдарга Ирак парламентиндеги орундардын төрттөн бири квотага берилмек, эми бул берене комиссиянын атайын секциясында каралат деген эскертүү менен киргизилди, андыктан аялдарга берилген артыкчылыктын келечеги бүдөмүк бойдон калды.

Ага кошумча чыгармачыл ишмерлерди Ирактын жаңы Конституциясында бардык жарандар башталгыч мектептен билим алууга милдеттүү деп жазылганы тынчсыздандырууда, коомдук уюмдар орто билим алуу талабын киргизүү зарыл деген пикирде.

Ошентсе да, АКШнын президенти Жорж Буш шейшембиде жаңы документти жогору баалай турганын билдирди:

- Биз ойго келбеген окуяга күбө болуп отурабыз, диктаторлуктан башканы билбеген Ирактын жаңы Конституциясында улуттук азчылыктардын, аялдардын укуктары, диний ишеним эркиндиги кепилдикке алынууда. Документтин тегерегинде эл өз оюн ачык айтып, кызуу талкуу жүрүп жатат.


Конституциялык комиссия Башмыйзамдагы акыркы талаштуу маселелерди бейшембиге дейре макулдашып бүтүү аракетинде. Ага кирген шийилер менен күрттөр соңку талаштар ислам, же аялдардын укугуна тийиштүү эмес деп жатышат.

Бирок суннилердин өкүлдөрү Ирактын түштүк тарабында азыртадан исламдын ролу күчөп баратканын, мисалга айрым чөлкөмдөрдө алкоголдук ичимдиктерге тыюу салынып, кыз-келиндер катаал мусулман коомдорундагыдай кийинип калганын айтышат.

Коомдук ишмерлердин мындай чоочулоолорун четке кагып, Ирак өкмөтүнүн өкүлдөрү документ демократиялуу маанайда жазылганына басым жасоодо.

Өлкөнүн вице-премьер-министри Ахмад Чалаби атүгүл мамлекет менен динди өз-өзүнчө бөлүп караган мындай Башмыйзам Жакынкы Чыгыштагы бир да мамлекетте жок деп мактанды.

Ырасмий Багдаддын басма сөз өкүлү Лайт Кубба шейшембидеги маалымат жыйынында Конституцияга АКШ таасир этип жатат деген пикирлер бар экенин ырастап, иш жүзүндө таптакыр андай эмес деп белгилей кетти:

- Бул документ – бардык ирактыктардын көптөн берки аракет-мээнетинин жемиши. Эгер айрымдар баарын АКШ чечип даярдап койгон деп ойлосо, Ирактын эли бири калбай жаңы Башмыйзамды ачык-айкын талкуулап, түрдүү пикирлерин билдирип жатканына күбө боло алат.

Ирак өкмөтүнүн басма сөз өкүлү аягында Rонституция долбоору бейшембиде макулдашылып бүтсө, парламентте каралып, 15-октябрда бүткүл элдик референдумда добуш берүүгө коюлаарын эскертип, андан кийин эң маанилүү саясий окуя – парламенттик шайлоо жакындап калаарын кошумчалай кетти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG