БИШКЕК. 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин Стамбулдагы Ыйык Софи чиркөөсүндө Кыргызстандык сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин, сүрөтчү-зергерлер Жакшылык Чынтемиров менен Виктор Сырневдин чыгармалары көргөзмөгө коюлат. “Батыш-чыгыш диалогу” деген аталыштагы эл аралык маданий долбоорунун алкагында өтүүчү бул көргөзмөгө 9 мамлекеттин дүйнөгө атагы чыккан сүрөтчүлөрү да катышат. Бул тууралуу 25-августта Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр сүрөт музейинин жетекчиси Майрам Юсупова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Батыш-чыгыш диалогу” долбоорунун алкагындагы көргөзмөнүн толук үлгүсү октябрь айында аталган музейдин 70 жылдык мааракесинде көргөзүлөт.