Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

КООМЧУЛУК ШАЙЛОО ЖАРАЯНЫН КАЙРА ТҮЗҮҮ ЗАРЫЛДЫГЫН КОЗГООДО


25-августта Бишкекте IFES эл аралык уюму өлкөдөгү шайлоо процессин жакшыртуу максатында жыйын өткөрдү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, саясый партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып, ой- пикирлерин билдиришти.

Жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев IFES эл аралык уюму учурдагы эң актуалдуу маселени козгоп жатканын, өлкөдөгү шайлоо процесстерин кайра карап чыгуунун зарылдыгын билдирди:

- Айрым саясый партиялардын өкүлдөрү учурдагы парламентти таратуу жөнүндөгү демилгени көтөрүп жатышат. Жогорку Кеңештин депутаттарын эл шайлаган, аларды кайра чакырып алуу да элдин Конституциялык укугу. Өлкөдөгү шайлоо системасын кайра реформалап чыкмайын, максатыбыз ишке ашпайт. Пропорционалдык система менен шайлоо маселеси көп жылдан бери талкууга алынып келетат. Бул дагы мезгил талабы.

Жыйында сүйлөгөн өлкөнүн Контитутциялык сотунун төрайымы Чолпон Баекова да өлкө чоң өзгөрүүлөрду башынан өткөрүп жатканын, Шайлоо кодексин да учур талабына ылайык кайра карап чыгуунун зарылдыгын, партиялык тизме менен шайлоонун артыкчылыктарын белгиледи.

IFES эл аралык уюмунун өкүлү доктор Дэвид Микош мырза өлкөдөгү парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдында шайлоо участокторунун 40 миңдей мүчөлөрүн окутуп, бармакка белги койуу киргизүү системасын жүзөгө ашырууга көмөктөшкөнүн айтып, өлкөдөгү шайлоо процессин дагы өркүндөтүүнүн зарылдыгына токтолду.

Аталган уюмдун шайлоолорду өткөрүү боюнча кеңешчиси Дэн Малинович чет өлкөлөрдүн партиялык тизме менен шайлоого катышуу тажрыйбаларын, өзгөчөлүктөрүн белгиледи:

- Чет өлкөлөрдө күчтүү партиялар - демократиянын таянычы болуп жүрөт. Партиялык тизме менен шайлоо кыз- келиндердин парламентке келишин шарттайт. Ал эми аялдардын парламентте жоктугу - өксүккө гана алып келет.

Өлкөдөгү шайлоо процессин кайра түзүү тууралуу бир нече партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да өз ойлорун ортого салышты. Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова да өткөн парламенттик шайлоо добуштарды сатып алуунун айкын далили болгонун, депутаттардын 70 пайызы партиялык тизме менен шайлануусу ылайыктуу экенин айтты:

- Учурда парламентте бир да аял депутат калбады. Эгерде партиялык тизме менен шайлоо өтсө, анда тизмедеги үч талапкердин бирөө аял заты болушу керек. Анан да гендердик саясатты эске алуу менен кыз-келиндер үчүн парламентке квота киргизүү зарыл.

Партиялык тизме менен шайлоого эл даяр эмес деген пикир туура эместигин, элдин саясый аң-сезими жогору экенин “Кайран эл” партиясынын төрагасы Курманбек Турумбеков билдирди:
Өлкөдөгү 57 партиянын көбү катталганы менен ишмердүүлүгү төмөндүгүн, партиялык тизме менен шайлоо гана аларды электен өткөрүү же биригүүгө өбөлгө болоорун “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев айтып, партиялык тизме менен шайлоо өлкөдөгү өрчүгөн жердешчиликке, уруу- урууга бөлүнүүгө бөгөт болоорун белгиледи:

- Буюрса мындай партиялык тизме менен шайлоо болот. Ошондо парламентке өтүү босогосу 5 пайыздан жогору болбошу керек. Бийик тоскоолдон көп партиялар өтө албай калат. “Шайлоочулардын 50 пайызы келип добуш берсин” деген жобону “шайлоочулардын үчтөн бири келсе болот” деп өзгөртүү зарыл. Чет өлкөлөрдө мындан да төмөн. Бизде калктын 33-34 пайызы келип добушун берсе деле чоң көрсөткүч болмок. Мындай учурда шайлоону бурмалоого жол берилбейт болчу.

Эл аралык шайлоо институтунун Кыргызстандагы программасынын ассистенти Канат Жолдошбаев чет өлкөлөрдө жана шериктеш мамлекеттерде партиялык тизме менен шайлоонун тажрыйбаларын айтып, Кыргызстан алардан сабак алып, алардын каталыктарын кайталабашын каалады.

Кыргызстанда шайлоолор калыс, адилет өтпөй, добуштарды сатып алуу адатка айланып баратканын КДК партиясынын лидери Жыпар Жекшеев айтып, шайлоодо жеңген партия өкмөттүн курамын түзүүдө да рол ойноорун белгиледи:

- Партиялык тизме менен шайлоо биринчиден, өлкөдөгү партиялардын ишин активдештирет, экинчиден шайлоодо жердеш, уруу- урууга бөлүнүүгө жол бербейт, үчүнчүдөн, кыз- келиндердин парламентке өтүшүнө өбөлгө болот. Ошондой эле аз сандагы калктын өкүлдөрүнүн шайлоого катышуусун шарттайт.

Жыйында шайлоочулардын шайлоо өнөктүгүнө катышуусу 50 пайыздан жогору жана төмөн болушу, шайлоо комиссиясынын курамы, ролу жана башка уюштуруу маселелери да талкууга алынды
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG