Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Израилдин Беэр-Шева деген шаарында жарылуу болду


Андан кеминде 10 адам жараат алды. Алардын экөөнүн абалы начар деп жатышат. Жардырууну шаардык автобекетке атайын даярданып келген жан кечти жасады. Ал эл толо бекетке кирейин дегенде күзөтчүлөр шектенип, киргизбей коюшкан. Экинчи жолу да киргизбей коюшканда жан кечти жардыргычын ага кире бериш жерде жардырып жиберген. Бул өткөн жумада жөөттөр палестиндердин Тулькарм деген жердеги качкындар лагерин текшерүүгө алып, ал жерден 5 палестин каза болгондон кийинки өч алуу аракети болду, деп кабарлашууда. Анткени, алардын арасында “Ислам жихады” уюмунун жергиликтүү лидерлери бар экен.

XS
SM
MD
LG