Ирак согушунда Вьетнамдагы согуштагыга караганда көп журналист көз жумган. Бул тууралуу кечээ «Чегарасыз журналисттер» тобу маалымдады. Уюмдун кабарына ылайык, 2003-жылы башталган Ирак согушунда бүгүнкү күнгө чейин 66 журналист окко учуп өлгөн. Бул – акыркы эки эле жылдагы согуш учурунда өлгөн кабарчылардын саны. Ал эми Вьетнамдагы согуш маалында жалпысынан 63 журналист өлгөн эле. Болгондо да ал 1955-жылдан 1975-жылга чейинки 20 жылдык мезгил аралыгында болгон. Андыктан, аталган топ Иракты журналисттер үчүн эң кооптуу жер деп табышты.