Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

“Айтыштын” баш байгесин Аалы алды


30-август күнү кечки саат ондордо Улуттук филармонияда республикалык “Айтыш” коомдук фонду эгемендүүлүк күнүнө жана Арстанбек Буйлаш уулунун 180 жылдык мааракесине утурлап уюштурган төкмөлүк боюнча мелдеш соңуна чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды. Калыстар тобу баш байгени жаш төкмө Аалы Туткучевге ыйгарды. Мелдештин баш байгесине Нариман Түлеев жетектеген ”Нарын-ынтымак” коому демөөрчүлүк кылып, автоунаа сайган. Баш байгени женген төкмөгө демөөрчү Нариман Түлеев байгени акчалай түрдө (беш миң АКШ доллары) тапшырды. Биринчи орунду женген төкмө кыз Жыпар Кожекеевага болсо 70 миң сом берилди. Экинчи-үчүнчү орунду камсыз кылгандар Майра Керим кызы жана Жылдызбек Алыбаевге да акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар да болду.

Белгилүү ишкер Садык Шер-Нияз негиздеген “Айтыш” коомдук фонду жыл сайын эгемендик майрамынын алдында айтыш боюнча мелдеш өткөрүүнү салтка айландырган. Аталган фонддун аракети менен унутулуп бараткан төкмөлүк өнөр кайра жанданып, өзүнө бир жаш төкмөлөрдүн мууну түптөлө баштады.

XS
SM
MD
LG