Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:16

БАГДАДДАГЫ ТОПОЛОҢДО АЛТЫ ЖҮЗДӨН АШЫК КИШИ КУРМАН БОЛДУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ирактын баш калаасындагы Тигр дайрасынын көпүрөсүндө чыккан тополоң-тоздон 650гө жакын киши курман болуп, 300дөн ашык киши жаракат алды. "Жан кечти террорчу бомба жардырат экен", деген имиштен үрөйү учкан миңдеген зыяратчылардын ичинде тополоң түшүп, адамдар жапырт качып беришкен. Кишилердин кысымынан килейген көпүрөнүн бир бөлүгү сынып кетип, жүздөгөн кишилер Тигр дайрасына түшүп кетти. Ондогон кишилер тепсендиде калып өлүштү.

Кайгылуу окуя миңдеген шии динаятчылары өзүлөрү ыйык туткан имам Муса ал-Казимиянын арбайына сыйынуу үчүн ал-Казимия мечитин көздөй агылган кезде болгон. Көпүрөдө кыжы-жыйма болуп кетип бараткан кишилердин арасында «жан кечти террорист бомба жардырат экен», - деген имиш тарап, зыяратка бараткандардын ичинде бир заматта тополоң түшүп калган. Жанын ала качкан кишилер чогуусу менен кача бергенде көпүрөнүн бир бөлүгү сынып кетип, ондогон кишилер Тигр дарыясына түшүп кеткен. Багдадда иштеп жаткан кабарчыбыз Набил ал-Хайдири көпүрө жүздөгөн кишилердин басымына туруштук бере албай, сынып кеткенин баяндады:

- Көпүрө адамдардын кысымына туруштук бере албай сынып кеткен жана андан ондогон, а балким жүздөгөн кишилер сууга түшүп кетишкен. Адамдардын бир тобу тепсендиде калып өлдү.

«Рейтер» кабар агенттиги тепсендиде калгандардын көбү аялдар менен балдар экенин билдирүүдө. Ирактын ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, тополоңдо курман болгондордун саны 640тан ашты. Ал эми ал-Арабия телеканалы болсо ооруканаларга жеткирлип жаткан жарадар адамдарды көрсөтүп, ооруканаларда дары-дармек, байлоочу жана таңуучу материалдар жетишпей жатканын билдирди.

Ал тополоңдон бир эки саат мурда көпүрөдөн алыс эмес жерде зыяратчыларга гранатометтердон бир нече гранат атылган. Алардын бири мечиттин жанында чогулган зыяратчыларга тийип, андан бери дегенде жети киши жан таслим болду, 40 тай киши жаракат алды. Бул кайгылуу окуядан соң Ирактын премьер-министри Ибрагим ал-Жаафаринин буйругу менен өлкөдө үч күн аза күтүү жарыяланды.

XS
SM
MD
LG