БИШКЕК. 1-сентябрдан баштап өкмөттүн курамына кирген борбордук башкаруу органдарынын иш тартиби саат 9 дан 18ге чейин, түшкү тыныгуу 12.30дан 13.30га чейин болот. Мындай буйрукка Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Буйрукка ылайык, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдары жумуштун өзгөчөлүгүнө, аймактык шарттарына карата өз алдынча иш тартибин түзө алышат.