Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:39

Аба ырайы


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 2-сентябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +12...+17, күндүз +25...+30 градус ысык. Талас дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29 градус. Жалалабат, Ош, Баткен облустарында абанын түнкү температурасы +13...+18, күндүз +26...+31 градус. Көл кылаасында түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25. Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26 градус жылуу.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, түнкүсүн +15...+17, ал эми күндүз абанын жылуулугу +28...+30 градуска жетет.

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Шайырбек Эркин уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG