Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

ЭНЕРГЕТИКА ДАГЫ ТАЛАШКА ТҮШКӨНҮ КАЛДЫ


Президент К. Бакиев кызматка киришкендин эртеси эле энергетика тармагын каптаган кризистен чыгуунун жолу катары аны чет элдик компанияларга концессияга берүү зарылдыгын айтып чыкты. Тармакты жеке колго берүүгө башында каршы болуп келген президенттин минтип позициясынын кескин өзгөрүшү энергетиканын кризис сазынан чыга албашынан чыгууда.

Энергетика тармагы үчкө бөлүнгөндөн кийин бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүү идеясы өткөн жылы парламенттен колдоо таппай, кыйлага өкмөт менен а кездеги оппозициянын ортосунда кызуу талаш жүргөн. Бийликке ичимтап депутаттардын каршылыгынан өкмөт аягында «Түндүкэлектр» компаниясын концессияга берүү демилгесин сунуштаган. Бирок ал да суу кечпей, буга кошумча мурдагы парламенттин мөөнөтү аяктап, шайлоо шарданы кирип келбедиби. Парламент шайлоонун жыйынтыгы кандай чыгып, бийлик кантип алмашылганын бул жерде кайталап отурбайлы.

Өткөн жылкы оппозициядагы депутаттардын көбү бу кезде бийликтин эки тизгин – бир чылбырына ээ. Тармактын кендирин кескен коммерциялык техникалык жоготуулардын азайгандын ордуна арбып, көбөйүп атканын көрүп, президент К. Бакиев энергетиканы концессияга берүү чечимине келгенин 15-августта акимдерди чогултуп өткөргөн жыйынында айтты:

- Мен чечим кабыл алдым, парламент аны колдойт деп ойлойм, энергетика секторун концессияга берүү керек. Аны тартип орното ала турганга беребиз.

Азырынча жаңы өкмөттүн тармакты чет элдик компаниянын колуна кандай шарт, талап менен бере турганын так аныктаган программасы жок. Парламент депутаты Дооронбек Садырбаев жаңы бийликтин башында отурган мурдагы кесиптештеринин мындай кадамын улуттук кызыкчылыкка төп келбеген иш катары баалады. Тармактын кендирин кескен маселе андагы уурулукка байланыштуу экенин белгилеп, аны токтотуу керектигин сунуш кылды.

Өткөн жылы Кыргызстан 15 миллиардга бираз жете бербеген киловат саат электр энергиясын өндүргөн. Орточо эсеп менен 1 киловат саат электрэнергиясынан 82 тыйынды кой, 50 тыйындан эле акы жыйнаганда Кыргызстандын бюджети оңор эмес акчанын төөбастысында калмак.

Энергетика коопсуздугу боюнча президенттин атайын өкүлүнүн орунбасары Батыркул Баетовдун маалымдашынча, ушу тапта бөлүштүрүү компаниялары «Улуттук электр тармагы» жана «Электр станцияларына» 5 миллиард сом карыз. Ал эми электр энергиясын пайдалануучулар болсо бөлүштүрүү компанияларына 2,5 миллиард сом карыз.

Батыркул Баетовдун ырасташынча, бөлүштүрүү компанияларын концессияга берүү тармактын толгон-токой маселелерин алеки саатта чечип ийбейт.

- Жеке инвестор келип баарын колуна алгандан кийин эле оңолуп кетет дегенге мен кошула албайм. Анткен себебим, Жамбул жаныбызда болгондон кийин биз барып көрдүк, бир нече ирет семинарларды да чогуу өткөрдүк. Башында инвесторлор тез-тез алмашылыптыр. Келип эле каймагын калпып алып качып жоголот. Бул жерде акча көп түшөт да. Андан Жамбулдуктар өттү. Бүгүнкү күндө алардан сурасак бир жагы жакшы болот экен, деп айтышат. Тартип болот экен, бир жагы эл да көнөт. Текшерүүчүлөргө уурдаганга мүмкүнчүлүк берилбейт. Концессиялык келишимде биз канча акчаны кайсы мөөнөткө чейин саларын көрсөтүү керек деп эсептейбиз. Ошону график кылып киргизип, биздин уюм ага көзөмөл кылып туруш керек. Андан тайса эле бул оюнду токтотуш керек. Жогорку Кеңештин бул курч маселеге киришип атканы жакшы. Анткени ооруну жашырса - өлүм ашкере кылат. Муну сизиң-бизиңсиз эле ачык, даана айтып чечиш керек. Өтө муктаж жерди концессияга беребизби? Берсек капиталдык салым киргизип тармакты оңдошубуз керек. Бербей койдукпу – анда эл өзү оңдойт.

Парламент депутаты Таирбек Сарпашев мыйзамды катуулатуу, административдик опуза-кысымдын аркасы тармакты кризистен чыгарыш мүмкүн эмес деп эсептейт.

- Күчөтүү жолу менен кызматтан алып көрдүк, министрди кызматтан алмаштырып көрдүк. Атайын өкүл институтун киргизип көрдүк. Коопсуздук кеңешинде канча ирет карадык. Кызматтан канчалар алынды. Анан эле тынчып калчу, эски оорусуна кирип кетишчү. Мыйзамды күчөтүү жолу менен, коркутуп-үркүтүү жолу менен энергетиканы оңдой албайбыз.

Өкмөт бөлүштүрүү компанияларын жеке колго береби же курулушунун 30 пайызы бүтүп калган «Камбарата – 2» ГЭСин чет элдиктерге кармата береби – азырынча белгисиз. Демилге парламенттен колдоо тапкандан кийин гана чынга чыкмакчы. Жаңы өкмөттүн өтүнүч-сунуштарынын бир да бирөөн четке кага элек парламент концессия тууралуу мыйзамды деле колдоп бериши толук ыктымал.
XS
SM
MD
LG