Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Орусия президенти 1 жылдан кийин бесландык энелер менен жолугушту


Былтыркы барымта кризисинде балдарын жоготкон бесландык энелердин өкүлдөрү Кремлде президент Путин менен жолугушту. Путин өкмөттүн адамдарды террорчулуктан толук коргой албагынан белгилеп, бийликтердин кандуу булоонго жол бергени кечиримсиз деди.

Бесландык энелер комитетинин төрагасы Сусана Дудиева Москвага учар алдында жолугушууда каралчу маселелер жөнүндө мындай деген:

– Биз ар бир күнөөлүү адамды жазага тартуу боюнча кабыл алынчу чаралар жөнүндө сүйлөшөбүз. Максат - баарыбызга жана бүтүн дүйнөгө Бесланда болгон окуялар тууралуу бар чындыкты айтуу.

Беслан мектебин ээлеп алган куралдуу топ барымтада кармап отурган адамдарды бошотуу маалында 330дай адам набыт болгон. Алардын теңинен көбү балдар.

XS
SM
MD
LG