Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: КОКАИН ЖЫТТАГАН ПАРЛАМЕНТАРИЙЛЕР, АШЫКЧА САЛМАК ЭПИДЕМИЯСЫНА ЧАЛДЫККАН АМЕРИКАЛЫКТАР...


Кокаин жыттаган парламентарийлер

Өткөн берүүлөрүбүздүн биринде Европарламенттин Брюсселдеги кеңсесинде кокаиндин издери табылганын айтып берген элек. Жакында болсо Колумбия сенатынын төрага орун басары кээ бир парламентарийлер иш жеринде, башкача айтканда конгресстин имаратында эле кокаин жытташаарынын далилдери бар деп билдирди. Эдгар Артундуагинин айтымында, наркозатты имараттан чыкпай туруп эле сатып алса болот. Мындай жыйынтыкка сенатордун демилгеси менен уюштурулган атайын иликтөө тобу келди. Артундуагинин бир катар кесиптештери болсо аны жала жабууда деп күнөөлөшүүдө. «Ал айткандарын далилдеши керек жана кокаин колдонгон депутаттардын аттарын атоого тийиш. Антпесе, отставкага кетсин», - дейт колумбиялык мыйзам чыгаруучулардын бири. Артундуаги конгресс жакшылап кайтарылбайт, бут кийим, тамак-аш сатуучулардан баштап, марихуана, кокаин менен соода кылгандар имаратка ээн-эркин кире алышат, деп кошумчалады.

Белгилей кетели, Колумбия дүйнөдөгү эң ири кокаин өнүдүрүүчү болуп саналат. Жергиликтүү мыйзамдар белгилүү бир көлөмдөгү маңзат алып жүрүүгө жол берет.

Түндүк америкалыктар ашыкча салмактан жапа чегишүүдө

Былтыр эле АКШда ошондой кишилердин саны 23,7 пайыздан 24,5 пайызга өстү. АКШнын улуттук ден соолук уюмунун жаңы докладында кырдаалдын кризистик чекке жеткени, азыркы чаралардын натыйжасыз болуп жаткандыгы белгиленет. Докладдын авторлору 2008-жылга карай америкалыктардын 73 пайызынын салмагы нормадан ашык болоорун болжолдошот. Бул өз кезегинде диабет, стенокардия өңдүү дарттардын көбөйүшүнө, саламаттыкты сактоо системасына кошумча каражаттын сарпталышына алып келет. Буга чейин Кошмо Штаттардын саламаттыкты сактооо министрлиги 2010-жылга чейин ашыкча салмактуу адамдардын саны 15 пайызга азайтылат деген максат койгон эле. Баяндаманын авторлору аны ишке ашыруу мүмкүн эмес деп санашат. Ал үчүн элдин жашоо стилин өзгөртүү зарыл, бир катар адаттардан, маселен майлуу, таттуу тамак-ашты жегенден баш тартыш керек. Башка Батыш өлкөлөрү да Америкадан көп артта калышкан жок. Мисалы, Британия бул коркунучтуу эпидемиянын жайылышы боюнча АКШдан 7 жыл артта келатат.

Табышмактуу пианист

Апрель айынан бери Британиянын клиникаларынын биринде дарыланып жаткан табышмактуу пианисттин аты жөнү белгилүү болду. Ал Германиянын жараны болуп чыкты. Нөшөрлөгөн жаандын астында, документсиз отурган жаш жигитти таап алышканда, ал сүйлөчү эмес. Колуна калем менен кагаз карматышканда, ал дароо роялдын сүрөтүн тарткан. Ал эми ооруканадагы инструментти көргөзүшкөндө, мыкты чеберчилик менен классикалык музыканы аткарып берген. Ошондон бери “Пианист” деген атка конгон пациенттин аты жөнүн аныктоого көп аракет жасалып келди. Бирөөлөр аны франциялык көчө музыканты дешсе, башкалары ал Чехиядан деп жүрүштү. Дагы бирөөлөр болсо ал Ослодон келаткан норвегиялык кемеден кулап түшкөн болушу керек, деп ырасташкан эле. Апрелден бери бардыгы болуп 800дөй версия айтылды. Эми гана пианисттин ким экени так аныкталды. Музыкант Германиянын жараны экени гана айтылып, калган маалымат сыр бойдон кала берүүдө.

Сөз түшүнгөн робот

Жапонияда жаңы робот сатыкка түшкөнү жатат. Ал 10 адамды айырмалай алат жана 10 миң сөздү түшүнөт. Роботтун негизги функциясы үй оокатка жардам берүү. Вакамару аттуу андроидди секретарь катары да пайдаланса болот. “Митсубиши” компаниясы роботту сентябрдын башында сунуш эткени жатат. “Бул - адамдар менен роботтор чогуу жашаган жаңы доордун башталышы”, - дейт фирманын өкүлү. Робот кожоюндар жумушта, эс алууда же башка алыс жерде жүргөндө үйгө баш көз боло алат. Вакамару ошондой эле төшөктө жаткан оорулуу адамды багууга жардамдаша алат. “Митсубишинин” өкүлдөрү робот секретардын кызматын аткарып, ар кандай майда тапшырмаларды аткарууга кудуреттүү дешет. Вакамарунун салмагы 30 килограмм, анын баасы 14 миң 300 доллар болмокчу. «Киодо» агенттиги маалымадагандай, дөңгөлөк менен жылган робот батарея менен жан сактайт.

XS
SM
MD
LG