Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

«Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамды карап жаткан парламент эки күнгө тыныгуу жарыялады


БИШКЕК. Шейшембиде аталган мыйзамды кароону улантуу талаш-тартыш менен башталып, айрым депутаттар мыйзам долбоорун беренелер боюнча кабыл ала берүүнү сунуштады. Ал эми мыйзамды констиутциялык реформа аяктагандан кийин кароону белгилеген депутат Өмүрбек Бабанов талкуу уланса өз фракциясы менен залдан чыгып кетээрин билдирди. Ушундай талаш-тартыштардан улам жыйынды алып барып жаткан төрага орун басары Болот Шерниязов залда кворум жоктугуна байланыштуу эч кандай чечим кабыл алууга мүмкүн эместигин айтып, бейшембиге дейре тыныгуу жарыялады.

XS
SM
MD
LG