Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп кала берет


БИШКЕК. Учурда Орусия менен болгон өз ара мамилелер Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев Москвага болгон иш-сапарынын учурунда Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда билдирди. Орус президенти мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер өнүгүшүнө ишеничин билдирип, Кыргызстан менен Орусия регионалдык жана эл аралык маанилүү маселелер боюнча бир позицияда экендигин белгиледи. Бакиев ошондой эле Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадков жана башка жетекчилер менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Курманбек Бакиев жана Владимир Путин биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, аскердик, аскердик-техникалык жана гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктарды өнүктүрүү, Кыргызстан орусиялык инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзөөрү, терроримзге каршы биргелешкен күрөш жүргүзүү тууралуу айтылган. Сапар учурунда Кыргызстандын Орусияга болгон карызын реструктуризациялоо, интеллектуалдык менчикке болгон укукту өз ара коргоо боюнча макулдашууларга кол коюлду.

XS
SM
MD
LG