Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:02

ЕГИПЕТТЕ АЛГАЧКЫ ЖОЛУ АЛЬТЕРНАТИВАЛУУ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТТҮ


Египетте бир нече мүнөт мурун шайлоо участкалары жабылды. 32 жарым миллионго жакын египеттик шайлоочу алгачкы альтернативалуу добуш берүүгө катышууга мүмкүнчүлүк алышты.10 талапкердин ичинен азыркы мамлекет башчы Хосни Мубарак жогорку кызматты кайра ээлеши күтүлүүдө.

Египеттин расмий булактары санактар 3 күндөн кийин даяр болот дешүүдө. Бирок Хосни Мубарак 5-ирет мамлекет башчылыкка шайланат деп айтууга азыртадан эле болчудай. Шайлоо комиссиясынын 5 мүчөсү президент, калган 5өө болсо Мубарактын партиясы көпчүлүктү түзгөн парламент тарабынан дайындалат. Шайлоонун биринчи эле айлампасында жеңүү үчүн Мубарак 50 пайыздан кем эмес добуш алууга тийиш.

Анвар Садаттын 1981-жылы киши колдуу болушунан кийин бийликке келген Мубарак, өлкөнүн ага чейинки эки лидери сыңары эле аскерий адам. Жакыңкы Чыгышта дээрлик бардык жетекчилер жогорку кызматтарын өмүрүнүн аягына чейин сактап калууга аракет кылышат. Алардын арасынан Ливиянын президенти Муаммар Каддафи гана президенттик тактыда чейрек кылымдан бери отуруп келаткан Мубарактан алдыда баратат.

Дүйшөмбүдө президент колдоочуларына кайрылып, өлкөдөгү проблемаларды чечүүнүн жолдорун жакшы билем деп ишендирди:

- Мен бул шайлоого сиздер менен болуш үчүн барып жатам. Мен өлкөнүн келечегинин чордонунда болгум келет.

Анын атаандаштары негизинен анча белгилүү эмес, майда партиялардын өкүлдөрү. “Гад” партиясынан президенттикке талапкер Айман Нур шайлоочуларды мындайча үгүттөдү:

- Биздин партия эркиндикке жана саясий реформаларга үндөйт, цивилизациялардын диалогуна ишенет. Биздин партиянын көпчүлүгүн жаштар түзөт, биз жаштарга басым жасайбыз. Биздин программабыз Египет элинин ой-мүдөөлөрүнө жооп берет.

Буга чейин Египеттин президенти “жок” же “ооба” деген жооптордун негизинде референдумда шайланчу. Бирок элдин ага катышуусу жылдан жылга төмөндөп баратат.

- Менимче, эң тынчсызданткан фактор - египеттиктердин активдүүлүгү. Бул жолу да, демейдегидей эле элдин катышуусу анча жогору болбойт, - деп комментариялайт саясий аналитик Дийя Рашван.

Май айында өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, альтернативалуу шайлоого жол ачылды. Шейшембиде өткөн пресс-конференцияда премьер-министр Ахмед Назиф өнөктүктү “тарыхый” жана демократиязацияга карай “маанилүү кадам” катары сыпаттады.

Бирок шейшембиде Жогорку сот бийлик көз карандысыз топторго шайлоо участкаларында мониторинг жүргүзүүгө тыюу сала алат деген чечим чыгарды. Чет өлкөлүк байкоочуларга да шайлоого көз салууга уруксат берилген жок.

Шаршембиде Мубарактын отставкасын талап кылган 100 чакты киши Каирде демонстрацияга чыгышты.

XS
SM
MD
LG