Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

Ош шаарында өзбек жаштарынын саясий клубу түзүлдү


ОШ. Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандагы өзбектер коомунун президенти Давран Сабировдун демилгеси менен “Сарбон” өзбек жаштарынын саясий клубу түзүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Давран Сабиров биз бул саясий клубду келечекте саясий партияга айландырабыз, анткени 24-марттан кийин Кыргызстандагы өзбектер алардын кызыкчылыктарын коргоого ала турган саясий партияга муктаж экендиги байкалып калды деген пикирин билдирди. Учурда Кыргызстандагы өзбек жаштар саясий клубунун мүчөлөрүнүн саны 50 адамды түзөт. Клубдун мүчөлөрү ар жуманын шейшемби күнү чогулушуп, республикада болуп жаткан саясий жараяндарды, андагы өзбек калкынын ролун талкууга алышат. “Сарбон” өзбек жаштарынын саясий клубунун президентинин милдетин аткаруучу болуп “Голден гол” жаштар бирикмесинин төрагасы Алишер Мамажанов шайланды.

XS
SM
MD
LG