Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Президент Курманбек Бакиев Нью-Йоркко барат


БИШКЕК. 14-15-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын «Миң жылдык+5» деп аталган саммити өтөт. Ага Кыргызстандан президент Курманбек Бакиев баштаган делегация катышмакчы. Бул тууралуу президенттин алдындагы аялдар, үй-бүлө, гендер маселелери боюнча улуттук кеңештин катчылыгынан кабарлашты. Миң жылдык өнүгүү максаттарынын декларациясына 2000-жылы 191 өлкө кол койгон. Саммитке камылга иретинде 8-сентябрда Кыргызстанда гендердик теңчилик жаатында эки күндүк конгресс ишке кирди. Улуттук кеңештин катчылыгынын демилгеси менен уюштурулган бул конгресс ишин президент Курманбек Бакиевдин куттуктоосу менен баштады. Конгрессте башкы маселелердин бири катары президенттин алдындагы кеңештин катчылыгын президенттин алдындагы бөлүмгө айландыруу демилгеси көтөрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG