Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Айдар Акаев ачык кат жолдоду


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаев 9-апрелде «Вечерний Бишкек» гезитинде өзүнүн ачык катын жарыялап, анда Башкы прокуратура тарабынан коюлуп жаткан күнөөлөр негизсиз деп билдирген. Бул катта Айдар Акаев Башкы прокурор Азимбек Бекназаров аны кылмыш иштерин жасаган деп негизсиз түрдө күнөөлөгөнгө аракет жасап жатат, Башкы прокуратура ар кандай жолдор менен ага карата козголгон кылмыш иштер боюнча жасалма далилдерди табууга аракет көрүүдө, деген пикирин айткан. Айдар Акаевдин пикиринде, ага коюлуп жаткан күнөөлөрдүн баары саясий мүнөзгө ээ. Ачык катта ошондой эле ал Жогорку Кеңештин депутаттарына пара берем деп, депутаттык мандаттан ажыратуу маселесинде аны колдоону өтүнгөнбөгөнүн маалымдаган. Ал эми Башкы прокуратурадан Айдар Акаевге коюлган күнөөлөр негиздүү жана кылмыш иштер мыйзам чегинде ачылгандыгы тууралуу маалымдашты.

XS
SM
MD
LG