Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Кыргызстандын Жапонияга болгон карызын төлөө женилдетилет


БИШКЕК. 13-сентябрь күнү Кыргызстандын Жапонияга болгон тышкы карыздарын төлөөнүн шарттарын кайрадан карап чыгуу боюнча документке кол коюлат. Жапон элчилиги тараткан маалыматка караганда, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Жапон өкмөтү 239 миллион доллар карызды төлөөнүн шарттарын жеңилдетмекчи. Кыргызстан бул карызды быйылкы жылдан тарта 40 жылдын ичинде төлөп бермек, анын ичинде алгачкы 13 жылда жалаң үстөк пайызы гана төлөнмөк. Үстөк төлөмдүн жылдык пайызы 1,3% га барабар. Келишимдин шарттары боюнча, реструкташтырылып жаткан карыз 2018-жылдан тартып, 27 жылдын ичинде төлөнүп бүтүүсү керек. Кыргызстандын Жапонияга болгон карызы соода, социалдык тармактын маселелерин чечүү, «Манас» аэропортун жаңылоо жана Ош-Бишкек жолун оңдоо максаттарында алынган кредиттердин негизинде пайда болгон. Бул келишимдин корутундусу Париж клубунун үстүбуздөгү жылдын 11-мартындагы токтомуна ылайык жүргүзүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG