Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

АКШнын Өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттигинин башчысы кызматынан чегинди


Америка Кошмо Штаттарынын Өзөчө кырдаалдар боюнча агенттигинин башчысы Майкл Браун кечээ күнү кызматынан чегинди. Август айынын аягында өлкөнүн түштүк жээгине деңизден катуу бороон-чапкын тийгенден АКШ эбегейсиз зыянга учураган жана агенттик анын алдын алууга жетиштүү чара көргөн эмес деп катуу сынга алынып келген. Брооон тийген аймакка президент Жорж Буш кечээ күнү үчүнчү жолу келди жана федералдык өкмөт тийиштүү чара көрө турганы жөнүндө дагы бир жолу айтты:

- Дагы көп нерсе жасалууга тийиш. Баарыбыз иштеш керекпиз. Луизиананын губернатору менен Нью-Орлеандын мэрине мен дагы бир жолу убада кылам - федералдык өкмөт жергиликтүү бийлик менен тыкыз кызматташат.

Луизиана штаты менен Нью-Орлеан шаарында бороондон 279 жана кошуна Миссисипи штатында дагы 211 адам курман болгону тууралуу айтылууда.

XS
SM
MD
LG