Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:33

Жапонияга болгон карыз реструктризацияланды


БИШКЕК. 13-сентябрда каржы министрлигинде Кыргызстандын Жапонияга карызын реструктризациялоо боюнча нотага кыргыз өкмөтү менен жапон өкмөтүнүн өкүлдөрү кол койду. Ага ылайык, Кыргызстандын жапон өкмөтүнө болгон 239 миллион доллар карызы реструктризацияланып, аны төлөө мөөнөтү 40 жылга узартылды. Жалпысынан эгемендик доорунан бери Кыргызстан Жапониядан 420 миллион доллар жардам алган, анын 239 миллиону насыя түрүндө болсо, калганы грант жана техникалык жардамдар болгон. Париж клубунун алкагында буга чейин Кыргызстан Орусия, Германия жана Франция менен тышкы карызын реструктризациялоого жетишти. Эми Дания жана Түркия менен ошондой келишимге жетишүү калууда.

XS
SM
MD
LG