Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

АКШ ГРУЗИЯГА ИРИ ӨЛЧӨМДӨ КАРЖЫЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТӨТ


Кошмо Штаттары Грузиянын эң жакыр аймактарын өнүктүрүү үчүн 300 миллион долларга жакын каражат бөлүп бермей болду. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бул грант аркылуу жүз миңдеген грузиндер жардам алышаарын белгиледи. Грузин президенти Михаил Саакашвили айтымында, 5 жылга каралган келишим өлкөнү калыбына келтирүү аракеттеринин негизги бөлүгү болуп калмакчы.

Грузия Миңжылдыктын максаттары деген декларациянын алкагында Вашингтон менен келишимге кол койгон бешинчи мамлекет болуп калды. БУУнун бул программасы жакырчылыкты жойууну көздөйт. Баса, уюмдун 14-сентябрда баштала турган саммитинде дүйнө мамлекеттери кедей өлкөлөргө жардам берүү маселесин да талкуулашат.

Ал эми Грузияга бөлүнүп берилген 295,3 миллион доллардын үчтөн эки бөлүгү инфраструктураны өнүктүрүүгө, анын ичинде түштүктөгү Самтсхе-Жавахети жолун оңдоого, Орусия менен туташтырган газ куурун реконструкциялоого жумшалмакчы. Андан тышкары суу түтүктөрү, канализация, жолдор жана башка муниципалдык инфраструктураны ремонттон өткөрүү каралган.

Жардамга эң муктаж райондор менен тармактар улуттук талкуунун натыйжасында, жарандар менен коомдук уюмдардан түшкөн сунуштардын негизинде аныкталды.

Келишимге кол койуу аземинде АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс Вашингтон грузин элине жардам берүүнү уланта берээрин ырастады:

- Грузияда мыйзамдын үстөмдүгү, жарандык коом, көз карандысыз маалымат каражаттары, эркин экономика жана эффективдүү өкмөттүк институттар бекемделген сайын биздин шериктештигибиз өнүгө берет.

Грузин президенти Михаил Саакашвили болсо өлкө өкмөтү коррупцияга, ашыкча бюрократияга каршы күрөшүп жатканын белгиледи:

- Бул макулдашуу эркин, демократиялык өкмөт өз жарандарынын муктаждыктарын кантип камсыздай алаарынын дагы бир мисалы. Анткени биздин өкмөт элдин алдында жооп берет, анын иш-аркеттерине маалымат каражаттары, саясий уюмдар, жарандык коом, бүтүндөй коом байкоо салып турат.

Жолдор менен куур долбоорунан сырткары дээрлик 32 миллион доллар Тбилисинин чет жакасындагы заводдун инвестициялык фондуна чегерилет. Дагы 15 миллион доллар дыйкандарга, айыл чарба тармагында иштеген бизнесмендерге грант катары берилмекчи.

Буга чейин Грузия кедейликти жоqуу программаларынын алкагында миллиондогон доллар алып келген. Бирок кеңири кулач жайган паракорлуктун айынан ал программалар ишке ашпай калган.

XS
SM
MD
LG