Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

ЮЛИЯ ТИМОШЕНКОГО ЭСКИ АЙЫПТАР ТАГЫЛУУДА


Украинанын президенти Виктор Ющенко саргылт ыңкылап маалында эң жакын саясий өнөктөшү болуп берген жана жакында премьерлик кызматтан четтетилген Юлия Тимошенкону “кызмат абалынан кыянат пайдаланууга аракеттенген” деп айыптады. “Тимошенкону отставкага кетирүү – мен үчүн намыска тете иш болду”, - деп белгиледи украин лидери. Экс-премьер өз кезегинде президент Ющенко анын калк арасындагы популярдуулугунан чочулады деген пикирин айтууда.

Украинанын мурдагы президенти Леонид Кучманы бийликтен кетирген “саргылт ыңкылапчылар” арасындагы саясий араздашуу уланууда. Президент Виктор Ющенко менен экс-премьер Юлия Тимошенко эми бири-бирин ачык айыптаганга өтүштү. Ющенконун айтымында, өкмөт башчылык кызматка дайындалгандан кийин Юлия Тимошенко өткөн күз-кыш айлары Киевдеги башкы аянтта айтылган жалындуу сөздөрдү унутуп, көшөгө артында жагымсыз оюндар уюштурууга киришкен. “Өкмөттү отставкага кетирген 4 күндөн бери жумушка бейкапар маанайда келе баштадым”, - деп ымандай сырын ачат украин президенти “Ассошиэйтед пресс” агенттигине берген интервьюсунда.

Украиналык жогорку жетекчилерден алгачкы болуп отставкага кеткен мурдагы мамлекеттик катчы Александр Зинченко өкмөт коррупциялашып кетти деп айыптаардан мурун ал сөздөрүнө далил келтириши керек, деп басым жасайт Виктор Ющенко:

- Ушундай кескин айыптоолорду айткан адам укук коргоо органдарына иштин чоо-жайын териштирүүдө жардам көрсөтүшү керек. Эгерде алардын колунда далилдүү фактылар болуп, бул курулай сөз болбосо, анда тергөө органдары аларды билиши зарыл.

Өрмө чач кошулган өзгөчө чач жасалгасы жана Киевдик журналисттердин сүйүктүү темасына айланган супермодалуу кийим-кечеси менен эл оозунда калган экс-премьер Тимошенко да мурдагы жетекчисин тартынбай айыптап, Ющенко моралдык банкротко учурады деп жар салды. Украин президентинин командасы, анын айтымында, акчасы саман олигархтарды орун которуштурууда, андай болбосо эмне үчүн Кучманын доорундагы менчиктештирүү жараяны ыңкылап маалында убада кылынгандай, кайра каралып чыкпайт? – деп суроо салат Юлия Тимошенко.

Андан сырткары украин президенти экс-премьер Тимошенкону өз кызмат абалынан пайдаланып, 1990-жылдары күйөөсү, кайнатасы болуп чогуу башкарган “Бирдиктүү энергосистема” компаниясынын мамлекет алдындагы 1 жарым млрд. доллардай карызын жок кылууга аракеттенген деп айыптады. Ага карабастан, эгерде Тимошенко ыңкылаптын башкы идеяларына кайрадан кайрылса, аны өкмөткө алмакпыз, - деп белгилейт украин президенти.

Юлия Тимошенко президенттин айыптоолорун бүт бойдон четке кагып, ал болгону “мага жана менин үй бүлөмө каршы мудагы президент Кучма колдонгон куугунтук ыкмаларын пайдаланууда” деген пикирин айтат.

Ушу тапта Украинадагы саргылт ыңкылап жөнүндө китеп жазып жаткан Британиялык журналист Аскольд Крушельницкий президент Ющенко үчүн азыр саясий өнөктөштөрдү сактап калуудан көрө өлкө экономикасын жандантуу маселеси өтө курч болууда деген пикирде:

- Ющенконун бардык үмүтү азыр экономикага көз каранды. Ал Тимошенкону популисттик иштерге берилип кетти деп айыптоодо. Экономика оңолмоюнча Евробиримдик, Дүйнөлүк соода уюмуна жол жабык. Украин президентинин соңку чечимдери ушул түйүндүү маселеге байланыштуу.

Юлия Тимошенко украин президенти анын эл арасында өсүп кеткен кадыр-баркынан коркуп кетти деген оюн да айтууда. Эми саргылт ыңкылапты чогуу ишке ашырган эки саясатчынын кимиси элдин ишеничине көбүрөөк ээ экенин жазда өтө турган парламенттик шайлоо көрсөтмөкчү.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG