Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

КЫРГЫЗ ПРЕЗИДЕНТИНИН МАСКӨӨГӨ ЖАСАГАН САПАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ


Нарын АЙЫП, Прага "Панорама" аттуу программанын кезектеги чыгарылышы президент Курманбек Бакиевдин Маскөөгө жасаган жумуш сапарынын жыйынтыктарына арналат.

4-5-сентябрда кыргыз президенти Курманбек Бакиев сапар менен Маскөөдө болду жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки жолу, андан тышкары Мамлекеттик думанын спикери Борис Грызлов, премьер-министр Михаил Фрадков, Маскөө шаарынын мэри Юрий Лужков менен дагы жолукту. Жаңы шайланган президент кайсы мамлекетке биринчи сапар менен бараарына саясатчылар бир топ жогору маани берет жана орус маалымат каражаттары дагы, президент Путин менен спикер Грызлов дагы Бакиевдин Маскөөгө келгенин өзгөчө белгилешти.

Сапардын жыйынтыктары тууралуу сөз кылаардын алдында эгемендүү Кыргызстан менен Орусия ортосундагы байланыштардын кыскача тарыхына токтололу жана ал тууралуу Төрөкул Дооров айтып берет.

"Кыргызстан менен Орусия ортосунда мамлекеттер аралык кызматташтык 1991-жылдын июлунда Советтер союзунун тушунда эле башталган. Орусияда жаңы президент болуп шайланган Борис Ельцин ишке киришкенине 10 күн болгондо, чет өлкөгө алгачкы сапарын Кыргызстанга баруу менен баштады. Андан бир айдан кийин, 31-августта, Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болуп жарыяланды.

Ельциндин ырасмий сапарынын жыйынтыгында "Мамлекеттер аралык мамилелердин негизи жөнүндө" деген келишимге кол коюлат. Ал эми 1992-жылы Достук, кызматташтык жана жардамдашуу жөнүндөгү келишим күчүнө кирет. Мына ушул келишимдер жана ошол эле жылы кабыл алынган "Эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык алакаларды түзүү жөнүндөгү протокол" Кыргызстан менен Орусияны тең укуктуу мамлекет катары тааныган. 2000-жылдын 27-июлунда "Орусия менен Кыргызстан ортосундагы түбөлүк достук жана өнөктөштүк жөнүндө декларация" да кабыл алынган.

Эгемендиктин алгачкы жылдарында Кыргызстандын экономикасы оор кризиске дуушар болот. Президент Аскар Акаевдин демократиялык аракеттерди колдоп чыгышын жактырган Батыш Кыргызстанды "Борбор Азиядагы демократиялык аралча" деп атай баштады. Кыргызстанга мындай "макам" өтө маанилүү болчу, анткени өлкөнүн демократиялык имиджи Кыргызстанга чет өлкөлүк инвестиция тартууга жакшы мүмкүнчүлүк түзгөн.

Түрдүү эл аралык каржы топтору, биринчи кезекте, Дүйнөлүк банк, Азиялык өнүгүү банкы, Эл аралык валюта кору жана мамлекеттер ичинен Жапония, Швейцария, Германия менен башка өлкөлөр тарабынан кредиттердин, карыздардын агымы өстү. Жыйынтыгында Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү 1994-жылы эле 763 млн доллар, 1998-жылы 1480 млн, ал эми 2000-жылдын этегинде 1705 млн. долларды түздү. Бүгүнкү күнү өлкөнүн тышкы карызы дээрлик 2 млрд. долларга барабар.

Бул жалпы карыздын ичинде өлкөнүн Орусияга карызы 183 млн доллардан ашат.

Эки мамлекеттин алакаларынын өнүгүшүнө 1999-жылы Кыргызстанда орус тилине ырасмий тил макамынын берилиши да таасир бергени айтылат. Бул, бир чети, жумурияттагы орус тилдүү калктын өлкөдөн кетишин токтотууга да багытталган аракет болду.

2001-жылдын декабрында Кыргызстанда АКШ баштаган антитеррордук коалициянын аскерий базасы ачылат. 11-сентябрда АКШда болгон ири террор актыдан кийин терроризмге каршы күрөш үчүн улуу дөөлөттөр АКШ менен Орусия бирге аракеттенээрин даңазалап, Жорж Буш менен Владимир Путин жолугушууларда өздөрүн "жакын достор" деп атай башташат. Андыктан Кыргызстандын "Манас" аба майданында америкалык базанын ачылышына Орусия каршы эмес экенин билдирген.

Бирок арадан эки жыл өтүп-өтпөй, 2003-жылдын октябрында "америкалык базадан" 50 чакырымдай алыстыкта "орусиялык база" ачылды. Негизи ал да америкалык базадай эле Орусияныкы эмес, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна карай турганы айтылат. Бирок ал базанын баардык чыгашасын Маскөө көтөрөөрү көп нерседен кабар берет.

Ошондон тарта Борбор Азиядагы бир мамлекетте эки ири державанын аскерий базалары пайда болгону террорго каршы кызматташтыктан мурда Кыргызстан үчүн күрөш, же Орусия менен АКШнын "атаандаштыгы" катары баалана баштады.

Акыркы 14 жыл ичинде Кыргызстан менен Орусия ортосундагы алакаларда кескин араздашуу, же пикир-келишпестиктер байкалган жок. Ошол эле учурда, бул мезгил аралыгында кабыл алынган жүздөн ашуун түрдүү келишим деле аткарылбай, кагаз бетинде калып келет.

Маскөө дайыма Бишкектин "моралдык колдоочусу" болуп келатат. Үстүбүздөгү жылдын 24-мартында болгон ыңкылапта акыркы 14-жыл бою мамлекетти башкарган кыргыз президенти Аскар Акаев да кийин Орусиядан башпаанек тапты.

Кыргызстандын жаңы бийлиги да тышкы саясатында Орусияга ык алаарын ачык жарыя кылып жүрөт. Жакында Казанда болуп өткөн саммитте президент Курманбек Бакиев КМШ мамлекеттери ичинде эки башка топ пайда болгонун, алардын бири Орусиянын айланасына чогулуп, экинчи топтогу мамлекеттер эки-тараптуу кызматташтыкка артыкчылык берээрин айтты жана Кыргызстан биринчи топко кирет деп белгиледи.

Анын үстүнө Бакиев президент болуп шайлангандан кийин чет өлкөк алгачкы сапарын Маскөөгө жасады".

Кыргыз-орус соңку байланыштары тууралуу Төрөкул Дооров баяндады

Орусияны "Кыргызстанга кудай жалгаган мамлекет" деп мурдагы президент Аскар Акаев көп айтчу. Бакиев дагы Орусияны Кыргызстандын стратегиялык шериги деп атаганы түшүнүктүү, бирок орус президенти дагы Маскөөдөгү жолугушуу учурунда Кыргызстанды Орусиянын стратегиялык шериги деп айтып, эки өлкө ортосундагы мамилелердин өнөк маанайда өнүгүп жатканын өзгөчө белгиледи.

Анткен менен мындай маанилүү сапарга барган кыргыз өкүлчүлүгүнө эмне үчүндүр тышкы иштер министри Роза Отунбаева жана коргоо министри Исмаил Исаков киргизилген жок жана айрым саясатчылар ал тууралуу - министирлер бекитиле элек десе, башкалары аны - Отунбаева менен Исаков Орусияга көп жакпаган саясат жүргүзүп, айрым маселелер боюнча батыштык турумда турганы менен түшүндүрөт.

Исаков андай пикирлер менен макул эмес, ал өзүн "орусчул" же "батышчыл" саясатчы деп эсептебейт, анын айтымында, кыргыз саясатчылары "кыргызчыл" болууга тийиш. Мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев болсо Отунбаева менен Исаковдун эмне үчүн Маскөөгө барбай калганын түшүнүү кыйын деген пикирде. Бишкектеги кабарчыбыз Айданбек Акмат уулу даярдаган кабарга назар салалы:

"СССР ыдырагандан кийин Маскөө Бишкекке кызыгуусун дээрлик жоготкон. Бирок 2001-жылы Нью-Йорктогу террордук актылардын кийин АКШ аскердик базасын Бишкек алдына жайгаштыргандан кийин Орусиянын Кыргызстанга кызыгуусу, же кызганычы артып, ал көп узабай Кант аба майданына өз аскерий учактарын жайгаштырды.

Кыргызстан болсо көп убакыттан бери Орусиядан эки нерсени өзгөчө күтүп, бирок алар ишке ашпай келатканы белгилүү. Анын биринчиси Орусиядан масштабдуу инвестиция алуу болсо, экинчиси Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарт түзүүгө жетишүү эле жана ал маселелер боюнча өзгөрүүлөр жок.

24-марттагы ыңкылаптан кийин Орусия Кыргызстандын жаңы жетекчилигине чочулоо менен карап калганы маалым. Кыязы, мына ошол чочулоо дале сакталып турат. Маселен, Орусиялык "Коммерсант" гезитинин 4-сентябрда жазганына караганда, Маскөө Кыргызстандын вице-премьер министринин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева жана коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаковдор батышчыл турумда деген пикир күчтүү. Бул пикирди президент Бакиевдин Маскөөгө болгон сапарында делегация курамына алардын кирбей калышы далилдеп тургандай.

Өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин пикиринде, Маскөөгө барган өкүлчүлүктүн курамында тышкы иштер жана коргоо министрлери болуш керек эле:

- Тышкы иштер министри сөзсүз барыш керек эле да. Коргоо министри да барыш керек эле. Мен билбейм, эмне үчүн президент андай чечимге келгенин. Эми бирок кимдир бирөөнү айтыптоодон алысмын, бирок ким билет?

Ал эми коргоо министри Исмаил Исаков "батышчыл" деген күмөндөргө минтип жооп берет:

Исаков батышчыл да, орусчул да эмес, мен нака кыргызчылмын. Кыргыздын кызыкчылыгын коргогон генералмын Мамлекеттин ошол геокызыкчылыгы, мүмкүн, кээ бир өлкөлөрдүкү менен туура келбей калышы ыктымал. Андай жараянга туура көз караш кылуу керек.

Бул Бишкектен Айданбек Акмат уулу даярдаган материал болду

Маскөөдө чыгуучу "Время новостей" деген гезиттин кабарчысы Аркадий Дубновдун пикиринде болсо, Бакиев тиги же бул министрди өкүлчүлүккө кошуп, башкаларды кошпогонунан кандайдыр бир кынтык издөөнүн кажети жок, башка маселелер маанилүү:

- Инаугурациядан кийин Курманбек Бакиев биринчи жумуш сапарын Маскөөгө жасап жана өзү менен ал сапарга эки гана министрди - каржы жана ички иштер министрлерин алып келип, бирок тышкы саясат үчүн өтө маанилүү болгон тышкы иштер менен коргоо министрлерин албаганы Бакиевдин кызыкчылыгы эң биринчи кезекте - анын өзүнүн ордун көрсөтүү керек болгону ал үчүн маанилүү экени менен байланыштуу. Шайлоо алдында Бакиев тандем түзгөндүктөн гана президент болуп шайланды, эл ошондуктан ага добуш берди жана аны эстен чыгарбаш керек. Ошондуктан бүгүнкү кыргыз бийлигин - президент Бакиев жана премьер-министр Феликс Куловдон турган диумвират деп түшүнсө да болот. Бакиев Маскөөгө Кыргызстандын толук бийлигинин атынан эмес, анын жарымынын, же басымдуу жарымынын атынан келди десе болот, ошондуктан Бакиев үчүн - өзүн толук баалуу мамлекет башчы кылып көрсөтүү өтө маанилүү болгон жана ал максатка Бакиев, менин оюмча, ийгиликтүү жетти.

Ага Маскөө өзү да жардамдашты, анткени ал - Бакиев сунуш кылган оюндун эрежеси менен ойноп, аны постсоветтик мейкиндикте Орусияга эң жакын жана ысык-суугу жок караган жетекчи катары таанылды. Бул Маскөө үчүн маанилүү, анткени постсоветтик мейкиндикте жана өзгөчө АКШ менен Орусия ортосундагы орчундуу таймаш майданына айланган Борбор Азияда өз таасирин күчөтүү үчүн Орусиянын мүмкүнчүлүктөрүнө туура баа берүү керек экенин Маскөө ачык көрсөтүүгө тийиш. Кошуна Казакстан же Өзбекстан менен салыштырганда Кыргызстан стратегиялык жактан өтө деле маанилүү эмес болуп көрүнгөнү менен, бул таймашта кыргыз фактору бир топ жогору мааниге ээ,
- дейт Аркадий Дубнов.

Бакиевдин сапары учурунда орусиялык жетекчилик менен - эл аралык террорчулук, баңги аткезчилиги жана уюшулган кылмыштуулук менен биргелешип күрөшүү тууралуу макулдашылды. Кыргызстан үчүн болсо - анын Орусияга болгон карызы жеңилдетилгени өтө маанилүү болду. Айданбек Акмат уулу Бишкекте каржы министри Акылбек Жапаров менен жолугуп, карызды төлөө шарттары эми кандай болоорун сураган.

Президент Бакиевдин Маскөөгө сапары учурунда Кыргызстандын Орусияга болгон 184 миллион доллар карызын реструктризациялоо боюнча келишимге кол коюлганы белгилүү. Каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров - карыз Эвиан шарты боюнча реструктуризацияланганын, ага ылайык, 184 миллион доллардын жарымы түбү келип кечирилээрин билдирүүдө:

- Эвиан шарты деген ошол - төлөө мөөнөтү 33 жылга жылдырылгандан кийин анын рыноктук баасы 90 миллиондой болуп калат да, дээрлик жарымы кечирилгендей болот, - дейт Акылбек Жапаров.

Кыргызстандын бул карызы 1990-жылдардын башында пайда болуп, алгачкы өлчөмү 130 миллион долларга жакын болчу. Бирок үстөк пайызынын өсүүсү менен ал 180 миллион доллардан ашып баратат.

Дубновдун айтымында болсо, карыз маселеси Кыргызстан үчүн ал өзү күткөндөн да алда канча ыңгайлуу болуп чечилди:

- 183 миллион доллар түзгөн кыргыз карызынын алгач бир бөлүгүн төлөө гана өзгөртүлөт деп пландалган. Бирок кыргыз өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрү баа баргенге караганда, жыйынтык Бишкек күткөндөн алда канча жакшы болуп чыкты - бүткүл карызды төлөө мөөнөтү жана эрежеси өзгөртүлдү, мөөнөт бир нече он жылдыкка созулмай болду жана карыз бөлүнүп-бөлүнүп төлөнөт. Анын себеби - Маскөө эң биринчи кезекте Бишкекке өзүнүн кайрымдуулугун көрсөтүүнү каалаган. Бирок андан башка да максат бар - Маскөө Бишкекке кандайдыр бир шарт коюуда жана карыздын жеңилдетилгени үчүн Кыргызстан баа төлөш керек. Кремилде Курманбек Бакиев менен жолуккандан кийин Владимир Путин айткан сөздөрдү эске алсак, ал баа - орус ишкерлери, орус бизнеси үчүн Кыргызстанда ыңгайлуу, комфорттуу шарттар түзүлүүгө тийиш экени менен байланыштуу.

- Бирок айрым бир саясатчылардын пикиринде, Маскөө Кыргызстандын карызын толук кечип койсо деле болмок. Сиз ал тууралуу эмне деп ойлойсуз?

- Эгер Кыргызстан андай сунуш менен кайрылса же бир ишара кылса, ал жаман белги болмок, анткени карызы кечирилген өлкөлөрдүн эл аралык инвестициялык рейтинги төмөндөтүлөт жана анткенде жакыр Уганда же Танзанияда иштеген ишкерлер да Кыргызстанга келип иштөөдөн коркуп калмак.

Маскөөдөгү жолугушуулардан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында Бакиев экономикалык кызматташуу кененирээк болсо жана ал жыйынтыктуурак болсо жакшы болоор эле деп билдирди. Чындап эле, мисалга алсак, АКШ өзүнүн Ганси базасы үчүн Кыргызстанга миллиондогон доллар акча төлөйт, Орусия болсо Канттагы базасы үчүн төлөбөйт, ошол эле учурда Маскөө тараптан көптөн бери убадаланып келген Камбар-Ата ГЭСтерин куруп бүтүү тууралуу да азырынча ачыктык жок. Аркадий Дубнов ал тууралуу мындай пикирде:

- Маселе чындап эле бар, бирок кыстаган турмушту да түшүнүү керек. Кыргызстан гидроэнергияга бай, бирок салынган акча канчалык кайтарылып келээрин санаш керек: өндүрүлгөн электир кубаты кайда сатылат, ал үчүн кандай ЛЭПтер курулууга тийиш, кубат өндүрүүгө талаптуу суу менен Өзбекстан пайдалана турган суу кантип бөлүнүүгө тийиш - Өзбекстан Кыргызстандан чыккан дарыялардын суусунан пайдаланат эмеспи. Бул бир топ татаал маселе, башка капитал сыяктуу эле, орусиялык капитал дагы инвестициялардын кайтарымдуулугу жөнүндө ойлонууга тийиш, антпегенде берилген жардам орчундуу бизнеске таандык эмес кайырга окшошуп калат.

Америкалык жардам болсо такыр башка - накталай акча берилет, сүтү жок же пайызы төмөн насыялар сунуш кылынат, андан тышкары АКШ саясатында башка мамлекеттерге орчундуу каржы жардым көрсөтүү башынан каралган. Ошондуктан, бир жагынан алганда, Кыргызстан жаңы жумуш орундарынын ачылышына алып келген орусиялык инвестицияларды дагы күтүп, АКШ тараптан сунушталган жардамдан да баш тартпаганын түшүнсө болот.


Төрөкул Дооров, Айданбек Акмат уулу жана Аркадий Дубнов айткандай, Кыргызстанда жайгашкан америкалык жана орусиялык аскерий базалар менен байланыштуу эки дөөлөт ортосунда атаандашуу жана карама-каршылык пайда болгондой. 5-июлда Астанада өткөн Шанхай уюмунун бийик жолугушуусунда Бакиев - Борбор Азиядагы америкалык аскерий базаларды чыгарып кетүү мөөнөтү аныкталууга тийиш деген пикирге кошулган. Маскөөгө жасалган сапары учурунда болсо кыргыз президенти бул маселени чечүүгө азырынча убакыт жете элек жана Вашингтон база үчүн төлөгөн акыны көбөйтүүгө макул болгону тууралуу айтты. Маскөөдөгү Стратегиялык изилдөөлөр борборунун деректири Андрей Пионтковскийдин пикиринде, бул маселе боюнча Кыргызстан туура саясат жүргүзүп жатат:

- Кыргыз президенти абдан так саясат жүргүзүүдө, Кыргызстанда кызыкчылыктары айкалышкан бир дагы дөөлөт менен - Орусия менен дагы, Кытай, АКШ менен дагы президент мамилени бузуп албоого аракеттенүүдө. Жалпы Шанхай декларациясына ал кол койгону белгилүү, анда америкалыктар Борбор Азиядан чыгып кетсе жакшы болоор эле деп жазылган. Бирок андай талапты иш жүзүндө америкалыктарга Каримов гана койду жана ал түшүнүктүү - америкалыктар аны Анжиян окуялары үчүн катуу сынга алган. Бакиев болсо АКШ коргоо министри Рамсфелд менен жолукканда андай талап койгон жок.

Маскөөдөгү жолугушуудан кийин маалымат жыйынында айтылган сөздөр абалдын өзгөргөнүн билдирбейт. Албетте, Маскөөдө азыр антиамерикалык өксүк маанайы күчтүү жана алар Кыргызстандагы америкалык база дагы жабылаары тууралуу уккусу келет, бирок орусиялык коопсуздук боюнча эксперт катары мен Маскөөгө ал эмне үчүн керек экенин түшүнбөйм - террорчулукка каршы күрөштө биз өнөктөш эмеспизби?

Чындап келгенде, Ооганстандагы абал оңоло элек жана дагы көпкө оңолбойт. Бул маселе боюнча Бакиев акылдуу саясат жүргүзүүдө, Орусия менен экономикалык жана маданий байланыштар жакын экенин да белгилеп, ал америкалыктар менен дагы мамилени кескин үзүп салууну каалабайт
, - дейт Пионтковский. Аны менен Маскөөдөгү кабарчыбыз Муса Мураталиев маектешти.

Борбор Азиядагы аскерий базалар азыр өзүнүн түз максатынан тышкары чет өлкөлүк таасирди күчөтүү куралына айланып баратат жана айрым орусиялык басылмалар жазгандай, орус президентинин администрациясында Маскөөнүн Кыргызстанга болгон таасирин күчөтүү боюнча атайын комплекстүү программа да иштелип чыкты. Бирок андай программа тууралуу Аркадий Дубнов көп деле жогору пикирде эмес:

- Андай комплекстүү программа тууралуу мен эч нерсе билбейм, бирок чындап эле бир орусиялык гезитте ал тууралуу окугам. Президенттик администрацияда андай программа түзүлүшү мүмкүн экенине мен ишенем, бирок ал Шериктештиктин кайсы бир мамлекетине карата жүзөгө аша алаарынан күмөн санайм. Бул кур дымак менен тоо томкоруу. Мындай комплекстүү программалар жөнүндө ойлонуу өзү - тышкы саясатта кайрадан советтик Госпланды жаратуу. Менимче, бул жөн гана сандырак опуза.

Ошентип, кыргыз президентинин Маскөөгө болгон сапарына орус эксперттери тарабынан жогору баа берилүүдө. Бул күндөрү Бакиев Бириккен Улуттардын Нью-Йоркто өтө турган сессиясына катышууда, октябрда болсо Вашингтон шаарына барып, америкалык жетекчилер менен жолугууга тийиш.

XS
SM
MD
LG