Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:52

Өзбекстанда соттоло тургандардын арасында Кыргызстандын да үч атуулу бар


Өзбекстандын баш прокурорунун орун басары Анжиядагы көтөрүлүшкө байланыштуу сот жазасына тартыла турган 15 кишинин үчөө Кыргызстандын жарандары экенин билдирди. Сот процесси келерки шейшембиде башталат. Анвар Набиев ошондой эле Анжиядагы көтөрүлүштүн уюштуруучулары Кыргызстанда машыктырылган деген дооматын кайталады. Өзбекстандын расмий өкүлдөрү көтөрүлүш учурунда 187 киши, негизинен экстремисттер курман болгонун айтып келет. Бирок укук коргоочулар курман болгондордун саны андан кыйла көп болгондугун, алардын арасында карапайым кишилер да бар экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG