Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык жыйын башталды


Бүгүн Вена шаарында Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин башкаруучулар кеңешинин жыйыны башталууда, анда Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселе талкууланат. АКШ жана Батыш Европалык мамлекеттердин пикири боюнча, маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин күн тартибине коюу мезгили жетти, вето укугуна ээ Маскөө болсо ага каршы. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад ишемби күнү Бириккен Улуттардын сессиясында чыгып сүйлөп, өзөктүк изилдөө жүргүзүүгө Иран толук укуктуу деп билдирди, бирок анын айтымында, өлкө өзөктүк курал өндүрүүнү көздөбөйт.

XS
SM
MD
LG