Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

БИШКЕКТЕ СҮРӨТЧҮЛӨРДҮН II ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ БАШТАЛДЫ


Бишкекте сүрөтчүлөрдүн II эл аралык форуму башталды. Үч күндүк бул маданий иш чарага Түркия, Кытай, Орусия, Украинанын белгилүү сүрөтчүлөрү катышууда. Жыйында чыгармачылык байланыш, Борбор Азия чөлкөмүндө көркөм өнөрдү өнүктүрүү маселелери каралып, Кыргызстандын сүрөт Академиясынын тарбиялануучуларынын чыгармаларынын көргөзмөсү уюштурулат.

Сүрөтчүлөрдүн I эл аралык форуму 1998-жылы өткөрүлүп, анда уюштуруу маселелери каралып, КМШ мамлекеттеринин, алыскы чет өлкөлөрдүн чыгаан 24 сүрөтчүсү Улуттук сүрөт академиясынын анык мүчөлөрү жана мүчө-корреспонденттигине шайланышкан. Кыргызстандагы сүрөтчүлөр Академиясы көркөм өнөргө окутуу борбору эле болбостон аз жыл аралыгында Республикадагы кыл калем чеберлеринин, бедизчилердин, таланттуу жаштардын башын бириктирген билим бешиги термелген куттуу ак сарайга айланды.

Биз кеп кылып жаткан Сүрөт академиясын түптөгөн даңазалуу бедизчи, сүрөт көркөм өнөрүн өркүндөтүүгө зор салым кошкон Кыргыз Эл баатыры Тургунбай Садыков мындан 14 жыл мурда сүрөт окуу жайлары кандай максатта түзүлгөнү тууралуу буларга токтолду:

- 1991-жылдан баштап биздин өлкөдө академиялардын структуралары түзүлө баштады. Себеби Совет биримдиги тарап биздин таланттуу балдар Орусия жана башка КМШ мамлекеттерине барып окуй албай калышты.Ушундай муктаждыктан биз республикалык сүрөт мектебин түздүк. Өлкө аймагынан таланттуу улан-кыздарды тандап келип окутуп, тамак-аш, жатакана менен камсыз кылдык.Сүрөт Академиясынын алдында көркөм сүрөт орто окуу жайын ачтык. Ал жерден сүрөт боюнча базалык билим алышып, адистикти тандап алышат. Каалагандар Академиядан, аспирантурадан окуп билимин жогорулата алышат.

Кыргыз жергесинде учурда өтүп жаткан сүрөтчүлөрдүн II эл аралык жыйынында КМШ мамлекеттеринен жана чет өлкөлөрдөн дүйнөгө атагы чыккан сүрөткерлер катышып, Батыш менен Чыгышка кыргыз өнөрпөздорунун курган маданий көпүрөсү, сүрөт өнөрүн жаңы замандын талабына карата өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, жаңы чыгармачылык байланыштар, дүйнөлүк маданият жаатындагы пикир алышуулар болот. Бул тууралуу Тургунбай Садыков мындай дейт:

- Бул эл аралык жыйынга көп өлкөлөрдөн меймандар келишти. Алардын катарында Түркиядан Хасан Мутлу, Украинадан Анна Крюкова жана башка Кытай, КМШ мамлекеттеринен келген чыгаан сүрөткерлер бар. Булар менен чыгармачылык байланыш түзөбүз, искусстводогу көйгөйлүү маселелерди талкуулайбыз.Экинчиден биздин окуучулардын чыгармаларынын негизинде академияда чоң көргөзмө ачылат. Бул биздин тарбиялануучуларга чыгармачылык дем берет. Улуу сүрөткерлердин сын-пикирин, сунуштарын угушат. Алардын көз караштарынын өсүшүнө абдан пайдалуу.

Сүрөтчүлөрдүн II эл аралык жыйынына шайкеш мамлекеттик бир катар сыйлыктардын ээси, Улуттук сүрөт академиясынын президенти Тургунбай Садыковдун 70 жылдык мааракеси да белгиленет. Даңазалуу бедизчинин эмгектери БУУнун Баш кеңсесинде, Кытай, Түркия, Орусияда коюлуп, 40 жылдан ашуун чыгармачылык жолунда Кыргызстандын жүзүн өнөрү менен дүйнөгө таанытууга салымын кошту. Кыргызстандын борбор калаасынан баштап бардык аймактарында анын скульптуралык эмгектери өз ордун таап, эстетикалык маанай берип турат. Садыков чыгармачылык үрөөндү, бөксөрбөс көрөңгөнү Баткен облусундагы киндик каны тамган Гөвсүвар айылынан алгандыгын мындайча сүрөттөдү:

- Биздин айыл тоонун колтугундагы абдан кичинекей, абдан кооз айыл. Менин жаш кезимде эсте калганы, күн нуру чачырап таңдын атышы, шүүдүрүм, торгойлордун, ар түркүн куштардын сайрашы, күндүн батышы бир керемет кооз дүнүйө болуп көрүнчү. Мына ошол сезимдер көкүрөктө бекем орноп, касиеттүү дем-күч, шыкак берип турат.

Ал ошондой эле Кыргызстандын кооз жаратылышына, көк челген аска мөңгүлөрүнө суктанып, мындай жерди жердеген элде акыл-эстүү, таланттуу уул-кыздар көп чыгаарын айтып, кыргыз жеринин касиеттүүлүгүнө чет өлкөдөн келген дүйнөлүк атак даңктуу сүрөтчүлөр баа бергенин айтып сыймыктанды.
XS
SM
MD
LG