Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

АКСЫДА БЕКНАЗАРОВДУ КОЛДОГОН МИТИНГ ӨТТҮ


21-сентябрда Жалалабат облусунун Аксы районундагы Каражыгач айылында Азимбек Бекназаровдун башкы прокурорлук кызматтан четтетилишине каршы митинг болуп өттү. Ага райондун тоо бөлүгүндөгү 5 айыл өкмөттүн өкүлдөрү жана президенттин түштүк аймагындагы өкүлү А.Матубраимов менен облустун губернатору Ж. Жээнбеков катышты. Нааразылык акциясында президент К.Бакиевге, өкмөт башчы Ф.Куловго жана башка жетекчилерге кайрылуу кабыл алынды.

Беш айыл өкмөттүн миңге жакын өкүлү А. Бекназаровдун башкы прокурорлук кызматтан алынышына катуу нааразы болушту. Карасуу шаарындагы окуялар боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы шашылыш чыгарылышына макул эместигин билдиришти. Облустун тургуну Абдыразак Оморов Бекназаровдун коорупцияга каршы күрөшүүсүн жогору баалады:

- Азимбек Бекназаров коррупция менен абдан катуу күрөшүп атты эле. Өзүнүн айтуусу боюнча 29 чиновникти кармаптыр, 50 иш козголуптур. Эми Бекназаров кетип калды, мындан ары иш уланабы, уланбайбы?

Митингдегилер Бекназаровдун күнөөсү буга дейре ачык айтылбаганына таң калышты. Аны башкы прокурорлукка үч күндүн ичинде кайра дайындоо жана 28-сентябрга чейин президент К. Бакиевдин митингчилер менен жолугушуусун талап кылган кайрылуу кабыл алынды. Талап аткарылбаса райондук бийликти басып алып, Жалалабат, Бишкекти көздөй жөө жүрүш жана митинг, пикет башталаары эскертилди. Укук коргоочу Абдымамбет Кадырбеков бул туралуу мындай дейт:

- Айдар Акаевди чыгарып, дагы ошого окшогон беш-алтооң бар деп ачыктан ачык айтканынан улам ушундай иштер болууда. Бекназаровдун эмгегин бийлик башында тургандар билбесе, эл билет. Эгерде биздин максатыбыз аткарылбаса акцияларга чыгабыз.

Жыйында маселени күч колдонбой чечүү жагы, эгер бийлик курал колдонууга барса, эл да курал алууга мажбур болоору да айтылды. Президенттин өкүлү Алманбет Матубраимов элдин талабын өлкө башчысына жеткирерин маалым кылды. Мындай билдирүү «Эл аралык толеранттулук үчүн» корунун Аксы аймагындагы өкүлү Абдраим Акматбековдон алынды.

Район менен облуста А. Бекназаровду коргоо комитеттери түзүлдү. Жалалабаттагы комитеттин төрагасы Ооганбек Станбеков маселени көз каранды эмес комиссиянын изилдөөсүн талап кылды:

- Эгер чын-чынына келгенде аксылык жигиттер атылган мезгилде Бакиев өкмөттүн башчысы болуп турган. Эмне себептен өзүнүн күнөөсү жок деп эсептеши мүмкүн? Эгерде саясий жагынан алып карай турган болсок, ал өкмөттүн башчысы катары сөзсүз түрдө жоопкер болушу керек эле. Ушул укугубуздан пайдаланып ар кандай саясий акцияларга, саясий күрөшкө аттанабыз.

«Ар-намыс» партиясынын өкүлү Зулпукар Кадыркулов А. Бекназаровдун каталарына токтолду:

- Бир жагынан Бекназаровду иштен алганы туура эле болду. Эмне үчүн дегенде, биринчиден Бекназаровдун сүйлөгөн сөздөрү туура эмес болуп калды. Амнистия берип атканда Бекназаров “эмне үчүн президент мени менен кеңешпей амнистияга кол коюп коет. Бардык законду мен билсем эмнеге Бакиев кол койгонун гезиттен, журналдардан, теледен угуп калдым”, деди. Кантип эле ошонтип угуп калат баш прокурор. Баш прокурор амнистия чыгарып атканда бирге болуш керек да. Анан дагы качкындарды Өзбекстанга берип жибергенде дүйнө жүзүнө Кыргызстандын авторитети жакшы эмес болуп калат эле.

Облустук бийликтин укук коргоо бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечелов маселени саясий акциялар менен чечүүнү жактаган жок:

- Президенттин чечимдерине каршы, көрүнгөн жетекчини, же министрлерди ишинен бошотуп койсо эле көрүнгөнү элди топтоп, дүпүрөтүп чыга берсе болот беле? Мисалы, Жалалабат облусунда эгер абалды оордотуп турган жагдайлар болсо биз чара көрөбүз. Эл ошону талап кылып атат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG