Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Президент күч министрлери менен жыйын өткөрдү


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Президент Курманбек Бакиев 22-сентябрда эртең менен күч министрликтеринин жетекчилеринин катышуусу менен жыйын өткөрүп, анда кылмыштын бетин ачуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды. Президент кылмыштын бетин ачуу боюнча оперативдик иштерди жүргүзүүнү ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталиновго тапшырып, аны көзөмөлдөөнү башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиевге жүктөдү. Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшү боюнча күн сайын маалымат берүүнү мамлекет башчы талап кылды.

XS
SM
MD
LG