Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Баяман Эркинбаев акыркы катын өзү жазганбы?


БИШКЕК. 22-23-сентябрь күндөрү айрым маалымат каражаттарында маркум Байаман Эркинбаевдин каты иретинде жарыяланган «Мен өлүмдөн коркпойм – мен баарын айттым» деген аталыштагы кат чындыгында эле анын өз колу менен жазылган катпы, же аны башка бирөөлөр жазганбы? - деген пикирлер айтылууда. Айрым саясатчылар белгилешкендей, бул катты чындыгында эле Баяман Эркинбаев жазган. Ал эми кээбир көз караштар боюнча, кат экс-президент Аскар Акаевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдар же болбосо, анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан жазылган. Катта март окуясы, мамлекеттик төңкөрүш болгондугу тууралуу, жаңы бийлик менчикти кайра бөлүштүрүү менен гана алектенип жаткандыгы, Карасуу базарындагы чыр-чатак Ак үйдө отурган адамдар тарабынан уюштурулгандыгы жана башкалар жөнүндө айтылган.

XS
SM
MD
LG