Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:44

Баяман Эркинбаевдин өлүмү боюнча оперативдүү иликтөө уланууда


БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин оперативдүү тергөө тобу Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевди өлтүргөн адамды табуу максатында атайын издөө операциясын улантууда, бирок кылмышка байланышкан жагдайларды ачыктоого тергөөнүн кызыкчылыгы жол бербейт. Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов ушундай билдирүү жасады. Бир күн мурда маркумдун туугандары депутаттын 4 жан сакчысын камактан чыгарууну талап кылышкан. Депутат тирүү кезинде камакка алынган жан сакчыларын бошотууга жардам берерин Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев убада кылды.

Ал эми Мурат Суталиновдун айтымында, депутаттын жан сакчыларына байланышкан ишти учурда ички иштер министрлиги тергеп жатат. Баяман Эркинбаевдин өлүмүн иликтөө боюнча маалыматты Жогорку Кеңеш келерки аптада угат. Мындан тышкары бул ишти парламенттик комиссия да өз алдынча иликтөөнү көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG